«Ак кептер» жамааттык мультимедиа борборунун мүчөлөрү 2-майда Бишкек шаарында жайгашкан Клооп Медиа коомдук фондунда долбоор жазуунун эрежелери боюнча тренингге катышып келишти. Ага аталган медиа борбордун 10 волонтерлору барып, кичи долбоор жазганды үйрөнүштү.
«Ак кептер» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы Медина Сатыбекова тренингде үйрөнгөндөрү тууралуу төмөнкүлөрдү айтты.

— Тренингди Клооп Медиа борборунун аткаруучу директору Галина Гапарова өттү. Тренингде ал кичи долбоорду кантип жазуу керек экендигин жана ага бюджетти кантип түзүү керектиги жөнүндө айтып берди.

— Долбоорду жазууда волонтерлорду эки топко бөлдү. Биринчи группада Азаркулова Элина, Таштанов Элдос, Кадырбеков Сабина, Туратбеков Азирет, Талдыбекова Таазим. Бул группа Ставрополавка айылына «Ак кептер» медиа борборунун филиалын ачуу тууралуу долбоор жазышты.

— Ал эми экинчи группада Кнатова Айдана, Бейшенбекова Гулзаада, Сатыбеков Медина, Кануспекова Айдай, Акматов Искен. Бул группа болсо Кара-Суу айылында жаштардын көйгөйлүү маселеси тууралуу даректүү тасма тартуу жөнүндө долбоор жазышты. Эгерде эки долбоор тең колдоого ээ болсо жакшы болот эле. Волонтерлор тасма тартканды жана аны монтаждаганды үйрөнүшмөк. Ошондой эле эки айылдын жаштар ортосундагы карым катнашы күчөмөк.
Даярдагандар: Айдана Кнатова, Чакчагаев Султаналы
Сынак үчүн