Ноокат районунуна караштуу Кара-Кой айылынын тургуну Зымырат Орунбаева үч майып баласы менен сегиз жылдан бери өзү жалгыз жашайт. Ачка калган күндөрү картошка менен күн өткөргөн убактары болгонун айтат Зымырат апа.
Зымырат апанын эки уул бир кызы бар. Жашоо шарты оор. Туугандарынан эч кандай жардам болбогонун айтат.
Балдары мектепке барып билим албаганын, тамга тааныбасын айтат. «Күйөөмдүн көзү өткөнүнө быйыл сегиз жыл болду. Нан таппай картошканы сууга бышырып жеген күндөр өтө эле көп көп болот. Кайненем мени кезинде абдан кыйнаган. Балдарымды мектепке берейн десем, ‘сен жиндинин балдары окуй алчу беле, жиндинини балдары да жинди болот’ деп балдарымды мектепке жөнөтпөй койгон», — деп айтты Орунбаева.
«Пенсиядан башка эч нерсебиз жок. Кээде ач, кээде ток болуп жүрө беребиз»
Зымырат апага кошуналары да аз да болсо жардамдарын берип турушат.
«Биз да колдон келген жардамыбызды аябайбыз. Быйыл кызы менен чоң уулун группага чыгарып бердик. Анча-мынча башка жактардан дагы жардамдар болуп турат. Орозонун аягында колунда барлар акча берип турушат. Өзү эч нерсе кыла албайт, пенсиясын да ала албайт, биз алып азык-түлүк кылып беребиз», — деп билдиришти коңшулары.
Даярдаган: Турсунай Толубаева
Сынак үчүн