Ноокат районунун борборунда 9-май Жеңиш күнүнө карата парад болуп өттү. Парадда эл Улуу Ата-Мекендик согушка катышкан жакын адамдарынын сүрөттөрүн кармап өтүштү.
Бул күнү эң эле өкүнүчтүүсү ушундай тынч жана кубанычтуу күндөрдө кээ бир согуш ардагерлеринин жоктугу болду.

Ашканалардын ичи согуш ардагерлерине жана карыяларга толду. Бул күндү жашы карысына карабай белгилешти.

Майрамга карата күрөш жана шахмат оюндары болду. Ошондой эле жаштар теннис оюнун да четке калтырбай ойношту. Аскер кийимин кийишип кичинекей балдар да согуш ардагерлерин куттуктап жүрүштү.

Төөлөс айыл өкмөтүнүн тургуну жана согуш ардагери Жарбек Боркошовдун айтымында, 1941-жылдан 1945-жылга чейин өтө азаптуу убакыт болду.
«Элдин баары коркунучта жашашты. Бирок ошого карабастан СССР жеңип чыкты. Азыр ушунчалыгына шүгүр, баары тынч. Мен да өзүмө аябай ыраазымын, эмне болсо да эл-жеримдин керегине бир аз болсо да жарадым», — дейт согуш ардагери Боркошов.

Тылдын ветераны Касым Муратов согуш жылдарында көрбөгөн күндү көрдүк дейт. «Бирок акырындык менен ийгиликке жеттик. Ушундай тынч күнгө жеткениме өтө ыраазымын», — деди Муратов.


Даярдаган: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн