Токтогул районундук билим берүү бөлүмү “Тарыхта калган кара тактар” сынагын уюштурду. Ага тогуз мектеп катышып, Комсомол айылынан барган топ алдыңкы орунга татыды.
Конкурста комиссиянын төраймы райондук билим берүү бөлүмүнүн инспектору Астра Боржуева болду. Айтымында, командалар жакшы даярдык менен келишкен.
“Албетте бул командаларды калыстар тобу орунга коюуда өтө чоң жоопкерчилик менен мамиле жасап, иш жасадык деп ойлойм. Себеби деген бардык командалардын даярдыктары эң мыкты экен. Ошол үчүн мыкты командалардын эң мыктысы деп бүгүнкү биринчи орунду алган команданы эсептейм”, — деп токтолду Боржуева.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Сулпукарованын билдиришинче, мындай иш-чаралар келечектеги өнөр адамдарынын тушоосунун кесилишине өбөлгө түзөт.
“Бүгүнкү конкурс аябай жакшы өттү. Ошолордун ичинен мен Коргол орто мектебинин окуучулары жөнүндө да аябай жакшы пикирде калдым. Аябай так, сөздөрүңөр так, оюңар так жакшынакай даярданыпсыңар. Мен ойлойм мына ушул улуу сахна көп балдардын, көп кыздардын таланттар дүйнөсүндө тушоосу кесилди. Кудай буйруса беш-он жылдан кийин жанагындай Сыймык Бейшекеевдей, Гүлнур Сатылгановадай жакшынакай улуу жылдыз кыздар-балдар чыкканда ошондо мына ушул жерди айтасыңар”, — деди райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сулпукарова.
Мазарсуу айылынын Жоомарт орто мектебинин окуучуларынын бири сүйүнүч менен төмөндөгү сөздөргө токтолду:
“Мен өзүмө көптөгөн маалымыттарды алдым. Өзүмдө деле маалымат бар болчу бирок, толук деңгээлде эмес. Бул жактан дагы билбегенимди билип, Үркүн жөнүндө эң жакшы маалыматтарды алдым өзүмө. Мен негизинен бул конкурста көп деле программага катышкан жокмун. Өзүмдүн декламация, ырларымды айтып бердим. Мени менен чогуу досторум катышкан кыздарым Үркүн жөнүндө ар кандай сценка, монологдорду аткарышты”, — деди ал.
Даярдаган: Айпери Кубанычбекова
Сынак үчүн