Сумбула айылынын борбордук мечитинин жолуна оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Аны Манас орто мектебин 1996-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр оңдоодо.
Сумбула айыл өкмөтүнүн борбордук мечитинин жолун мындан жыйырма жыл мурун Манас атындагы орто мектебинин 1996-жылкы бүтүрүүчүлөрү түзөп беришти.
Жалпысынан оңдоо-түзөө ишине отуз миң сом бөлүнгөн. Мечиттин имамы Аманидин Мамировго эми мечитке баруу ыңгайлуу болуп калганын айтат.
“Мурда бир аз чыгууга кыйынчылыктар болгон. Азыр ушундай жеңил болуп калды. Аллах куранда ким өзүнүн Аллах таала берген нийметтерди Аллах таала жолунда иштетсе мунун сыйлыгы бейиш дейт. Албетте бул өтө жакшы көрүнүш болду”, — деди Мамиров.
Манас атындагы орто мектебин мындан жыйырма жыл мурда бүтүп кеткен Юусупов Сүйүн жолдун ыңгайсыздыгынан карылардын кыйналганын көрүп, аз да болсо жардамыбызды берели деп чечкенин айтат.
“Биз байкасак карыялар үчүн мечитке чыгуу өтө кыйын экен. Ошондуктан аз болсо да үлүшүбүздү кошолу деп, ушул тепкичти бүтүрүп, машина чыга турган кылып, жолду сүрдүрүп да бердик. Мындан ары аз да болсо, карыяларга оңой болот деп ойлойбуз”, — дейт ал.
Даярдаган: Нурислам Жанибеков
Сынак үчүн