Түп районунун Карасаев айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө айылынын бүтүрүүчүлөрү көпчүлүккө үлгү боло турган саамалыкты ишке ашырышты. Алар мааракелик жолугушууларга ашыкча каражат коротпостон, чогулган акчаны айылдагы мечитти оңдоп-түздөө иштерине жумшоону чечишкен.
20 жылдык бүтүрүүчүлөр мечиттин ички жасалгасын жаңылап, жылуулук тутумун орнотушса, 10 жылдык бүтүрүүчүлөр сырткы бөлүгүн оңдоп, айланасын көрктөндүрүштү.

Айыл тургундары жаштардын бул демилгесин жогору баалап, ыраазычылыктарын билдиришүүдө. Ысырапкорчулуктан алыс болуп, коомго жана элге пайдалуу иш жасаган бүтүрүүчүлөрдүн бул кадамы кийинки муундар үчүн дагы жакшы үлгү болуп калды.
Белгилей кетсек, аталган мечит 2012-жылы айыл элинин колдоосу жана кайрымдуу инсандардын демилгеси менен курулган. Бүгүнкү күндө анын көрктөндүрүлүп, жаңыланып турушуна айыл жаштары да өз салымдарын кошуп жатышат.

Даярдаган; Муратбек Жумакадыров