Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айыл аймагынын Саргата айылында электр энергиясынын сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу багытында алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Аталган айыл жаңы энергетикалык жабдыктар менен камсыздалды. Бул демилге «Атайын Эсеп» мамлекеттик мекемесинин 2026-жылга бекитилген иш планына ылайык ишке ашты. Ага ылайык, Саргата айылы үчүн жалпы баасы 917 006 сомду түзгөн заманбап энергетикалык жабдыктар толугу менен сатып алынды.


Учурда бул жабдыктар тиешелүү тартипте Үч-Терек айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди. Өткөрүлүп берилген жабдыктар:
СВ-110 темир-бетон электр мамычалары – 10 даана;СВ-95 темир-бетон электр мамычалары – 40 даана;10 кВ Траверса – 10 даана;0,4 кВ Траверса – 40 даана;ШФ-20 үлгүсүндөгү изолятор – 30 даана;ТФ-20 үлгүсүндөгү изолятор – 160 даана;А-50 үлгүсүндөгү алюминий зым – 1 500 метр;А-35 үлгүсүндөгү алюминий зым – 7 509 метр.
Жакын арада бул жабдыктарды орнотуу жана эскирген электр тармактарын жаңылоо иштери башталат. Натыйжада жергиликтүү тургундарды үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр кубаты менен камсыздоого шарт түзүлөт.
Даярдаган: Азема Сабырбекова