Кара-Суу айылынын тургуну, саяпкер Эсенбек Молдобеков 9-майда Новониколаевкада болуп өткөн чоң ат чабышка катышып, айылга дагы бир төө утуп келди.
Эсенбек Молдобеков Шавкет деген аксакалдын 80 жылдык мааракесинде ат чабыш оюндары болуп, үч түрдүү — тай, кунан, аламан — ат чабыштын аламан түрүнө катышып, баш байгени багынткан.

Айтымында, тайлардан биринчи келгенге кой, экинчиге козу, үчүнчүгө 2000 сом байге коюлса, кунандардан биринчи келгенге тай, экинчиге торпок, үчүнчүгө кой анан 2000 миң сом болгон.
«Аламанга болсо биринчи орунга байге төө, экинчиси тай, үчүнчүсү торпок, төртүнчүсү кой, бешинчиси козу, алтынчысы 2000 миң сом болду» , — деп айтты саяпкер.
«Ак кептердин» атынан Кара-Суу айылынын тургуну Молдобеков Эсенбекке албан ийгиликтерди, үй-бүлөсүнө ден соолук каалайбыз.
Даярдагандар: Айдана Кнатова, Чакчагаев Султаналы
Сынак үчүн