Нарын районуна караштуу Учкун айылында Ташчайнар каймана аты менен белгилүү Нурлан Алишеров келди. Концерттен түшкөн каражатты Ташчайнар жакында эл аралык сынакка баруу үчүн керектелерин айтты.
Концерт кечки саат 8де башталып 10до бүттү. Бул топ Учкунга эки ирет, чоңдорго жана мектеп окуучуларына, өзүнчө концерт коюп берди.

Мындан беш жылдай мурда Ташчайнарга аян түшүп, ошондон бери бул өнөр менен алектенип калганын айтат.
«Кээ бир адамдар мени атайын бир нерсенин жардамы менен жасайт деген мааниде түшүнүшөт. Менин концерт коюмдун бирден бир себеби адамдар бул өнөрүмдү өз көзү менен көрүшүп, ишенишсин дейт элем», — дейт балбан.

Билет баасы чоңдорго 60 сом, ал эми мектеп окуучуларына 40 сомдe түздү. Билеттен түшкөн каражат кайда жумшалаарын Нурлан Алишеров төмөнкүчө айтып өттү.
«Билеттен түшкөн акчага жакында Америкада сынак болот жана биздин топтогулардын кийим-кечесине кетмекчи», — деди Ташчайнар.

Концертте Ташчайнар тиши менен тактайга кагылган мыктарды сууруп, оор салмактагы нерселерди тиши менен көтөрүп өн өнөрүн тартуулады.

Мектеп окуучусу Алина Бейшеналиева «Ташчайнарды сыналгыдан көргөндө көп деле ишене берчү эмесмин, эми өз көзүм менен көргөндө таң калдып, анын өнөрүнө ишендим» дейт.
Концерттин аягында Ташчайнардын тиши менен унааны сүйрөгөн номери көрүүчүлөрдү таң калдырды.
Даярдаган: Айдана Алмазбек кызы
Сынак үчүн