Куланак жамааттык мультимедиа борбору айыл тургундарына сурамжылоо жүргүзгөндө, айрымдары ыр кеселердин көп уюштурулуп туруусун каалаганын айтышкан. Мындай иш-чаралар аркылуу айылдын жашоочулары көңүл ачып, руханий жактан өнүгүү болот эле дешет алар.
Бул тууралуу ыр кеселерди уюштурган Куланак айылылын Тамара Жумакаева атындагы маданият үйүнүн директору Ааза Тилекматова менен маек курдук.

Саламатсызбы, ыр кесе жылына канча жолу өткөрүлүп турат?
— Айыл ичинде мекемелерди бөлүп алганбыз. Ошон үчүн айына бир жолу өткөрүлүп турат.
Бул иш-чарага ким демөөрчүлүк кылат?
— Бизге эч ким эч кандай демөөрчүлүк кылбайт. Керектүү каражаттарга катышкандар өздөрүнүн чөнтөктөрүнөн чыгарышат. Буга чейин бизди көтөрүп келген демөөрчү деле болгон эмес.

Ыр-кеселер кандай себептер менен өткөрүлүп турат?
— Быйыл «Тарых жана маданият» жылы болуп жарыялангандыктан элдин маанайын жана маданиятын көтөрүү максатында уюуштулуп жатат.
Буга чейин кимдерге “демөөрчү болуп бериңизчи” деп сурандыныздар эле?
— Депутаттарга, айыл өкмөтүнө деле кайрылып келгенбиз, бирок эч кандай жооп болгон жок.

Алдыда дагы кандай пландар бар?
— Пландар аябагандай көп, буюрса аларды айыл өкмөтү менен биргеликте чечкенге аракет кылабыз.
Маегиңизге чоң рахмат.
Автор: Уулкан Асанова
Сынак үчүн