Куланак жамааттык мультимеди борборунда (ЖМБ) алты айдан бери жүрүп келе жаткан мыкты макала сынагы аяктап, смартфон өз ээсин тапты. Жеңүүчү болуп ЖМБнын кабарчысы жана Абдылда Аралбаев орто мектебининин мугалими Айзат Түмөнбаева табылды.
Бул чакан иш чарага «Клооп медиа» коомдук фондунун кординатору Элмурат Аширалиев келип, белекти өз колу менен жеңүүчүгө тапшырды.
Кубанычы коюнуна батпай турган Түмөнбаева бул сынактан жеңип чыгам деп күтпөгөнүн айтат.

«Мен жеңүүчу болгонумду бир ай мурун өзүмдүн кесиптеш кыздарыман уккам. Бүгүн Элмурат өзү келип смартфонду тапшырды. Албетте кубанып жатам дагы көптөгөн сынактарга катышып жеңүүчү болгум келет”, — деп өз сөзүн аяктады ал.

Ал эми Клооп медианын кординатору Элмурат Аширалиевге кайрылганыбызда сынак туралу төмөндөгулөрдү айтты.
”Бул сынактын жеңүүчүсүн биз элдердин добуш берүүсу менен аныктадык. Жеңүүчүнү аныктоо оңой эле болду. Жаңылыктарды окурмандар kyrgyzmedia.com сайтынан окуп, добуш беришти. Ошонун негизинде жеңүүчүнү аныктадык”, — деп билдирди Аширалиев.
Кесиптештерибизге дагы көптөгөн жаңы жетишкендиктерге жетишин жана сынактардан утушун каалайбыз.
Авторлор: Айзат Асанова, Суербек уулу Сагынбек
Сынак үчүн