Апрель айында Нарын облусунун Баетов, Куланак, Оттук жана Учкун айылдарында жергиликтүү калк үчүн медиа маалыматтык сабаттуулук семинары болгон. Иш-чараны Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин өкүлдөрү өздөрү жашап, эмгектенген аймактарда жүзөгө ашырган.
Куланак жамааттык мультимеди борборунда (ЖМБ) алты айдан бери жүрүп келе жаткан мыкты макала сынагы аяктап, смартфон өз ээсин тапты. Жеңүүчү болуп ЖМБнын кабарчысы жана Абдылда Аралбаев орто мектебининин мугалими Айзат Түмөнбаева табылды.