Апрель айында Нарын облусунун Баетов, Куланак, Оттук жана Учкун айылдарында жергиликтүү калк үчүн медиа маалыматтык сабаттуулук семинары болгон. Иш-чараны Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин өкүлдөрү өздөрү жашап, эмгектенген аймактарда жүзөгө ашырган.
Аймактарда медиа маалыматтык сабаттуулук семинарын өткөргөн жамааттык мультимедиа борборлору март айында Бишкекте окутуудан өтүшкөн. Иш-чараны Кыргызстандагы Интерньюс уюму өткөргөн.
Барчын Мамытбекова Баетов айылында жайгашкан Тун-Ук жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси. Ал медиа маалыматтык сабаттуулукка арналган семинарды өткөндөн кийин, мындай жолугушууларды чакан топтордо өтүү керек деген ойдо келген. Семинардын катышуучулары келген шектүү билдирүүлөрдү ачпай, фейк маалыматтарды аныктап жана аларды бөлүшпөй калгандыгын билдиришкен. Барчын айым семинар бир топ катышуучуга шайлоо тууралуу оюн өзгөртүүгө өбөлгө болду дейт.
Барчын Мамытбекова: “Шайлоо маалында кудагыйыбыздын баласы же таанышыбыздын тууганы деп добуш берип койчу элек, тренингден кийин өзүбүздүн келечегибиз өз колубузда турбайбы деген ойлоорун дагы катышуучулар айтышты. Мындан тышкары мен мектепте мугалим болуп иштегендиктен, бул көндүмдөрдү окуучуларга дагы үйрөтүп жатам. Аларга сынчыл ой-жүгүртүү, фейк маалымат жана анын кесепети тууралуу айтып берем. Окуучулар фейк маалыматты кантип аныкташ керек деп кызыгат. Мен аларга сүрөттөрдү текшерүү жана маалыматты аныктоо ыкмалары менен бөлүшөм”.
Айзат Түмөнбаева Куланак жамааттык мультимедиа борборунун координатору. Ал бул ишинен тышкары мектепте дагы мугалим. Учурда 9-класстын окуучуларына медиа сабаттуулук боюнча сабак берген Айзат айым, бул темалар чоң адамдар үчүн кызыксыз деп жаңылыш ойлоптурмун дейт.
Айзат Түмөнбаева: “Биздин тренингге көбүнчө 25-50 жаш арасындагы адамдар катышты. Биз тренингдин башында Баш мыйзам, шайлоо жөнүндө айтып, андан кийин сынчыл ой-жүгүртүү, фейк тууралуу айтып бердик эле. Баарынан дагы көпчүлүгү сынчыл ой-жүгүртүүгө кызыгып, өздөрүнүн жүрүм-турумдарына анализ кылып жатышты. Алар, бул жөндөмдү өз жашоосуна керек нерсе катары кабыл алып, ар бир окуган маалыматыбызга анализ кылышыбыз керек, алданып калбашыбыз керек экен деген пикирлерин билдирди. Бирок, Баш мыйзам тууралуу айтканда, көпчүлүк бул нерсеге “тишибиз өтпөйт” деген ойлорун айтып, бул жогорку кызматтагыларга тийиштүү дегендей туюнтуп жатышты”.
Найзабек Мукамбетов Учкун жамааттык медиа борборунун координатору. Ал шайлоо алдында медиа маалыматтык сабаттуулукка арналган семинардын өткөрүлүшү катышуучулардан тышкары, медиа борбордун ыктыярчыларына жакшы натыйжа бергендигин баса белгиледи.
Найзабек Мукамбетов: “Биздин медиа борбор окуудан өтүп келип, бул жерде эл менен жолугушуу өткөрдүк. Анда аларга сынчыл ой-жүгүртүү, жалган маалымат жана шайлоо, Баш мыйзам тууралуу семинар өттүк. Бул семинар медиа борбор катары биздин өзүбүзгө дагы жакшы таасирлерин калтырды. Анткени, биздин ыктыярчылар дагы ошол иш-чаранын сапаттуу өтүшүнө салым кошуп жүрүп, медиа багытында жакшы тажрыйба топтой алышты. Биз алдыда шайлоо же Баш мыйзам, медиа сабаттуулук тууралуу журналисттик материалдарды даярдай турган болсок, семинардан алган билимдин бизге сөзсүз пайдасы тиет”.
Акылай Алмазбекова Оттук жана Казан- Куйган айыл аймактарындагы Усупбекстан жамааттык мультимедиа борборунун координатору. Апрель айында ал айыл тургундарына фейк маалыматтар, алардын шайлоо өнөктүгүндөгү ролу, Баш мыйзам жана сынчыл ой-жүгүртүү боюнча семинар өткөн. Бул семинар жергиликтүү кеңештин шайлоосу жана референдумга чейин болуп, катышуучулардын чечим чыгаруусуна таасирин тийгизди дейт аталган борбордун координатору.
Акылай Алмазбекова: “Бул семинар алгач өзүбүзгө чоң таасир тийгизди. Себеби, буга чейин мен деле бирде болбосо бирде социалдык медиа аркылуу келген билдирүүлөргө ишенип кетчүмүн. Азыр өзүм маалыматка ишенүүдөн же бөлүшүүдөн мурда ал маалыматты текшерип, анализ кылып көрөм. Мен мектепте дагы мугалим болуп иштегендиктен, жогорку класстын окуучулары менен сүйлөшүп калганда алар шайлоого катышкан менен өзгөрүү болбойт, анткени баары акча менен чечилет деп айтканы эсимде. Биздин медиа сабаттуулук боюнча семинарга катышып, бизден маалымат алган окуучулардын айрымдары менин добушум дагы маанилүү деген ишеним менен алгачкы жолу шайлоого катышты. Мындай жыйынтык көрүү биз үчүн дагы абдан маанилүү. Демек, биз 1-2 семинар менен гана чектелбестен, айыл элине байма-бай өтүп турушубуз керек экенин түшүндүк».
Касиет Кубанычбек кызы