Бул видеоподкастта блогер жана дарыгер Эрмек Исмаилов медиа сабаттуулуктун ден соолукка тийгизген таасири тууралуу пикир бөлүшөт. Ал адамдар көп учурда интернеттеги текшерилбеген кеңештерге ишенип, дарыгерге кайрылбастан өз алдынча дарылануунун кооптуу жагдайларын баса белгилейт.
Так эмес маалыматтарга ишенүү — өзүнүн гана эмес, жакындарынын да ден соолугуна шалаакылык менен мамиле кылууга алып келээрин белгилейт. Эрмек Исмаилов медиа сабаттуу болуу үчүн маалыматтын булагын текшерүү, адистердин кеңешине таянуу жана социалдык тармактардагы фейк маалыматтардан этият болуу керектигин эскертет.
Подкастты төмөнкү видео аркылуу көрө аласыз. Видеонун алдына бул темада өз ой-пикириңиз менен бөлүшүңүз.
Бул басылма Internews ишке ашырып жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу» (CARAVAN) долбоорунун алкагында Европа Биримдиги тарабынан каржыланат/ биргелешип каржыланат. Анын мазмуну үчүн Жамааттык Медиа гана жоопкерчиликтүү жана ал Европа Биримдигинин жана Интерньюстун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.