Эс алуу күнү Сокулук районуна караштуу, Новое айылынын Гульсина Капарова атындагы орто мектебинин администрациясы окуучуларды учурдагы көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө ээ, жаштар кумир туткан ,,Не сахар” долбоорунун алып баруучусу Умар Даданов жана Уларбек Бакырдинов менен жоолугушуу уюштурушту.
Жолугуу учурунда
Жоолугушууга 4-5-6-7-8-9-класстардын окуучулары жана мугалимдер жамааты
катышышып, кызыктуу суроолорду беришип, коноктор ар бир суроого так, толугу менен жооп беришип, окуучулар жана коноктор ортосунда талкуу, жагымдуу маанай жана кызыктуу көз ирмемдер жаралып, кызыктуу, ой толголуу, өзгөчө суроо берген окуучулар белектер менен сыйланышты.
Жолугуу учурунда
8-,,а” класстын окуучусу: Бибинур Мамытбекова: ,,Айтсаңыз, сизге журналист болууга жана ,,Не сахар” долбоорун алып барууга эмне түрткү болду эле?”
Умар Даданов: ,,Эң биринчи эле кыргыз элим, жерим деген патриоттук сезим ,,Не сахар” берүүсүн уламдан-улам жаңыланып, заманбап болуп чыгуусуна түрткү берет жана журналист болуп калуума бала кездеги кыялым жетелеп, ишке ашкан. Мен дагы силерге окшоп окуучу кезимде журналист болууга кызыгып, мектепте өтүлүүчү иш чараларда алып баруучу болуп, изденүүнүн үстүндө жүрчүмүн. Албетте, жаш кезимдеги кыялдарым орундалды”.
Раяна Алыкулова: ,,Келечекте ,,Не сахар” долбоору арышын жаябы?”
Умар Даданоав: ,,Албетте, жаш журналисттерди тарбиялап жатабыз, ыктыярчыларды кабыл алабыз, сиздердей жакшы окууган, эли, жерин сүйгөн, Мекеним деп күйгөн жаштарды ыктыярчы катары кабыл алабыз жана ден соолук үчүн, тазалык үчүн ,,Не сахар” долбоору арышын жайып, элибиз үчүн кызматын өтөй берет.”
Билал Алтынбаев: ,,Уларбек мырза! Биздин классташтар көптөгөн ийгиликтерди багындуруу үчүн кандай мотивация бере аласыз….” Убакыттан пайдаланып Раяна Алыкулова келечекте Умар Дадановдой белгилүү журналист болгусу келээрин жана Умар Даданов кумир туткан инсаны экенин баса белгилей кетти.
Уларбек Бакырдинов: ,,Адам ар дайым талыкпастан эмгектенип, жалкоолук менен дос болбой талыкпай эмек кыла берсе, албетте ал түшүмүн, жемишин берет. Дегеним, ар бир окуучу, жалкоолонбой, талыкпастан китеп окуп, китеп менен достошуп, дүйнө таанымын өзгөртүп, өстүрүп, сабактарды жакшы окуусу, илимдүү, билимдүү жана талантуу болот. Билими, илими күчтүү, талантуу окуучу сөзсүз ийгилик жарата алат, жаратат жана ийгиликке жете алат. Андыктан силерди ар дайым ийгилик коштоп жүрсүн!”
Аяна Максатбекова: ,,Уларбек мырза! Айтсаңыз, ADECS International компаниясы бир жылда канча үй курасыздар жана эсте кайсы мөөнөттөр калат?”
Уларбек Бакырдинов: ,,Компания бир жылда орто эсеп менен 40ка жакын үй курабыз. Үй бүткөндө кардарлардын кубанычы жана берген ак баталары албетте жагымдуу элес менен эсте калат”, — дейт өз сөзүндө.
Эске сала кетсек: Умар Даданов элдин үнүн угуп, коомдук көйгөйлөрдү чагылдырып жана эң башкысы кыргыз элинин ден соолугу үчүн кам көргөн, чындыкты чагылдырган, бетке айткан патриот журналист жана ,,Не сахар” долбоорунун алып баруучусу. Ал эми, Уларбек Бакырдинов Кыргызстандагы белгилүү курулуш компаниясы ADECS Internationalдын башкы директору жана негиздөөчүсү, коомдук ишкер.
8-,,а” классынын окуучусу Бибинур Мамытбекова Умар Дадановго арнап өз калемине таандык 4 сап ыр окуп берди. Ал эми, суроо-жоопко эркин катышып, эң жакшы суроолорду узатып, талкууга активдүү катышкан окуучуларды мектептин администрациясы тизмектеп, тизмени берсе, кызыктуу адабий, чыгармачыл китептерди
Уларбек Бакырдинов белекке берээрин убадалады.
Жыйынтыгында, мектеп директору Гульазар Муонбаева окуучулар үчүн атайын убактыларын бөлүп келип берген конокторго терең ыраазычылык билдирип, чыгармачылык ийгиликтерди каалап өттү.
Коноктор болсо, окуучулардын талантына, зиректигине жана билимге болгон кызыгууларына, окуучулардын көздөрүнөн илимдин шооласы жанып, төгүлүп тургандыгын баса белгилешип, бир топ суроолоруна жооп берүү менен бирге сүрөткө түшүшүп, кошумча маалымат берүү менен бирге кол тамга беришип жана ар дайым
байланышып турса кызматта болушаарын айтышып, жолугушуу эс алуу күнүнө карабастан жагымдуу маанайда, жогорку деңгээлде өтүп, тарых баракчалары эсте калаарлык тамгалар, сүрөттөр менен жаралып, сакталып калды.
Жолугуу учурунда
Даярдаган: Раяна Бейшенбекова, Айдай Джолчубекова