Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылынын көрүнүктүү инсаны, коомдук-саясий ишмер Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын академиги Аракеев Асейин Абдрамановичтин туулган күнүнө арналган эскерүү иш-чарасы өттү.
Иш-чаранын алкагында айыл өкмөтүнүн имаратынын алдына коюлган академиктин эстелигинин жанында Куран окулуп, маркумдун эл үчүн жасаган эмгеги эскерилди. Бул саамалыкка маданият кызматкерлери, айыл тургундары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, Аракеев Асейин Абдрамановичтин өмүр жолу жана илимий, коомдук салымы тууралуу кеңири маалымат берилди.
Иш чарада Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин музыка мугалим Ш. Исманова тарабынан концерттик номер даярдалып көрсөтүлдү. Эскерүү иш-чарасы аркылуу жергиликтүү эл улуу инсандын элесин жаңыртып, анын ысымын урматтоо менен жаш муундарга өрнөк болчу тарбиялык маанидеги сабак катары кабыл алышты.
Айыл өкмөт кызматкерлери
Мектеп окуучулары
Иш чаранын катышуучулары
Иш чара учуру
Мектеп окуучулары концерттик номер учуру
Э.Сагынов