Кесип тандоо бул ар бир адамдын жашоосундагы өтө маанилүү жана жоопкерчиликтүү чечим. Дал ушул тандоо аркылуу адам өзүнүн ким экенин, кандай жол менен өсүп-өнөрүн жана коомго кандай салым кошоорун аныктайт. Бул тема боюнча бизге кесип тандоо боюнча адис Нурила Батыралиева маалымат берип, жаштарга пайдалуу болгон ойлору менен бөлүштү.
Анын айтымында, жаштар кесип тандап жатканда эң биринчи өзүнүн табиятын, кызыгуусун жана жөндөмүн терең түшүнүп чыгышы керек. Көп учурда жаштар сырткы таасирлерге коомдук пикирге, ата-эненин каалоосуна, белгилүү адистиктерге баш ийип, ички үнүн укпай калышат. “Эң туура тандоо бул жүрөктүн үнүн угуу,” — дейт Нурила айым. Анын белгилешинче, эгер адам сүйбөгөн иш менен алектенсе, келечекте канааттанбаган, чарчаган, тажаткан турмушту башынан кечириши мүмкүн.
Нурила Батыралиева кесип тандоодо шашпоо керектигин белгилеп өттү. Айрыкча мектепти жаңы бүтүргөн жаштар кээде кайда барарын билбей, коомдун агымына жараша чечим кабыл алышат. Ал мындай учурларда жаштарга өзүнө убакыт берип, бир жылдык тыныгуу менен өзүн изилдеп көрүүнү сунуштайт.
Ошондой эле ал заманбап мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу тууралуу да айтып өттү. Онлайн кесиптик тесттер, адистиктер тууралуу кеңири маалыматтар, тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүктөрү жаштарга өзүн таанып, туура чечим кабыл алууга көмөктөшөт. Ал тургай кээ бир кесиптик курстар же ыктыярчылык иштер аркылуу жаштар өздөрүнө жаккан тармакты байкап калышат.
Нурила айым ата-энелердин ролуна да өзгөчө токтолду. Көпчүлүк учурда ата-энелер баласына “туруктуу жумуш болсун”, “акча жакшы төлөнсүн”- деген сыяктуу максаттарды коюп, баланын кызыгуусун эске албай коюшат. Бирок бул жакшы ниет менен жасалганы менен, баланын ички каалоосу менен шайкеш келбесе, келечекте нааразычылык жаралышы мүмкүн. “Ата-эне балага багыт көрсөтүшү керек, бирок анын ордуна чечим кабыл албашы керек,” — деп белгиледи ал.
Жыйынтыгында, Нурила Батыралиева жаштарга өзүнө ишенүүгө, жүрөктүн үнүн угууга жана өз алдынча чечим кабыл алууга үндөйт. Анын айтымында, сүйүү менен тандалган кесип адамды чарчатпайт, тескерисинче шыктандырат, дем берет, алдыга сүрөйт.
Кесип тандоо – келечекке салынган пайдубал. Ар бир жаш адам өзүнө татыктуу жолду табууда шашпай, ойлонуп, изденип, туура чечим кабыл алса, анда ал бакубат жашоого, чыныгы ийгиликке бир кадам жакын болот.
https://www.youtube.com/live/U1CuDonC-X0?si=gPSbB0gXbBvTs2i8
Айпери Марлесова