Токтогул районуна Германия Федеративдүү Республикасынан 60 туроператордон турган ири делегация келди. Бул маанилүү иш сапар аймактын туристтик потенциалын эл аралык деңгээлде таанытуу жана келечектеги кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатын көздөйт.
Германиялык конокторду Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А. Тюкебаев «Көк-Бел» эс алуу борборунда тосуп алды. Жолугушуунун жүрүшүндө аким райондун бай тарыхый-маданий жерлери, көз жоосун алган жаратылышы, учурдагы эс алуу жайлары, туристтик маршруттар жана туризмди өнүктүрүүгө болгон зор мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берди.
Туроператорлорго Токтогул районунун укмуштуудай кооздуктарын чагылдырган видеоролик көрсөтүлүп, аймактын уникалдуулугу дагы даана ачылды. Ошондой эле, райондук маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган жандуу концерттик программа тартууланып, кыргыздын улуттук өнөрү жана меймандостугу менен жакындан тааныштырылды. Бул жылуу кабыл алуу немис туроператорлорунун Токтогулга болгон кызыгуусун арттырып, келечектеги кызматташтык үчүн бекем пайдубал түздү.
Иш сапардын алкагында, туроператорлорго Чычкан капчыгайынын укмуштуудай кооздугу жана ал жердеги эс алуу жайлары көрсөтүлдү. Бул сапар немис конокторуна Токтогулдун жаратылыш байлыктарын өз көзү менен көрүп, келечектеги тур пакеттерге киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Токтогул районунун жетекчилиги жана жергиликтүү калкы бул иш сапардан чоң үмүт артууда. Германиядан келген туроператорлордун саны жана алардын аймакка болгон кызыгуусу Токтогулду эл аралык туризм картасына киргизүүгө жана аймактын экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот деп күтүлүүдө. Бул иш-чара Токтогулдун туристтик потенциалын ачуудагы маанилүү кадам болуп саналат.
Даярдаган: Азема Сабырбекова