Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары К.Аттокуров район аймагындагы «Кара-Каш» карылар үйүнө барып, ал-жайынан кабар алды.

Иш сапардын алкагында «Кайрымдуу жүрөк» кайрымдуулук фонду жана бир катар демөөрчүлөрдүн колдоосу менен карылар үйүнө бир катар керектүү жардамдар тапшырылды. Атап айтканда, 2 даана автомат кир жуучу машина, ошондой эле Токтогул районунун ЖДПБнын атынан дары-дармектердин 31 түрүнөн турган 5 коробка тапшырылды.

Мындан тышкары, Курман айт майрамына карата, кайрымдуу жаран тарабынан 1 кой белекке берилди. Бул демилгелер улууларды урматтоо, кайрымдуулук кылуу жана социалдык жоопкерчиликти жогорулатуу максатында уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө К.Аттокуров карылар менен баарлашып, мамлекет тараптан мындай мекемелерге жана алардын тургундарына дайыма көңүл бурулуп турарын белгилеп өттү.

Бул демилге – коомубуздагы улууларга болгон урмат-сыйдын, адамгерчиликтин жана боорукерликтин айкын белгиси. Карылар үйүндөгү ата-энелерибиз – өз убагында эли-жерине кызмат кылып, үй-бүлө багып, эмгек кылган адамдар. Алар бүгүн жылуу сөзгө, көңүл бурууга, сый-урматка муктаж. Бул иш-чара жаш муунга чоң тарбия – “Улуу муунду урматтоо, карыларга кам көрүү – парз” деген түшүнүктү жашоого сиңирип, коомубузда ыймандуулукту, боорукердикти жайылтууга түрткү болот.
Ар бирибиз карыларга сый көрсөтүү аркылуу эртеңки жашообузга үлгү жаратабыз. Бүгүн аларга жардам берсек – эртең бизге кайрымдуулук кайтып келет.
Даярдаган: Азема Сабырбекова