Бронхит — бронхтордун сезгениши дем алуу органдарынын көп учураган оорусу. Бронхиттин курч кармоочу жана өнөкөт түрү бар. Катуу кармаган бронхитти жугуштуу ооруларды козгоочу микробдор пайда кылат. Дарыгер Нуриза Акимованын айтымында, катуу кармаган бронхит көбүнчө вирустар же бактериялар аркылуу жугат. Ал сасык тумоонун татаалдашуусунан да келип чыгышы мүмкүн.
Эгер сасык тумоону же кулак, мурун жана тамак ооруларын толук дарылоо жүргүзүлбөсө, инфекция бронхияларга өтүп бронхитке айланышы ыктымал.
Бронхит менен пневмониянын айырмасын да билип алуу маанилүү. Пневмонияда көбүнчө температура көтөрүлөт, ал эми бронхитте бул симптом ар дайым эле боло бербейт. Эгер бронхит вирустук мүнөздө болсо, температура болушу мүмкүн.
Бронхиттин белгилери
• Жөтөл (какырыктуу же кургак)
• Көкүрөк кысылуусу
• Энтигип дем алуу
• Алсыроо
• Аллергендик бронхит учурунда – кышылдап дем алуу, энтигүү, температуранын болбошу
Дарыгер белгилегендей, жөтөл башталганда дароо антибиотик берүү туура эмес. Себеби вирустук бронхитке антибиотиктер жардам бербейт. Жөтөл какырыкты сыртка чыгаруучу коргонуу механизми болгондуктан, аны дароо токтотууга аракет кылуу туура эмес. Какырыкты чыгаруучу табигый процесске тоскоол болбош керек.
Дарылоодо төмөнкүдөй ыкмалар сунушталат:
• Жылуу сууну көп берүү
• Температураны байма-бай көзөмөлдөө
• Массаж жасоо
• Бала жөтөлү күчөгөндө дароо дарыгерге кайрылуу
Температура 38,5 градустан жогору болсо гана түшүрүүчү дары колдонуу керек. Ата-энелер көп учурда температураны так өлчөбөй эле дарыларды беришет, бул болсо туура эмес практика. Көп ооруй берген балдардын иммунитетин чыңдоо зарыл. Ошондой эле балдарга өз убагында эмдөө жасоо маанилүү. Аллергендик бронхит көп учурда жаз айларында күчөйт жана вирустук инфекциясыз эле өзүнчө жөтөл жана дем алуудагы өзгөрүүлөр менен мүнөздөлөт. Мындан сырткары, дарыгердин кеңеши боюнча жаш балдарды бала бакчага эрте алып барбоо туура. Себеби ар бир бала ооруну ар кандай көтөрөт. Айрымдары бат айыгып кетсе, башкалары ооруну оор өткөрүшү мүмкүн. Мындан тышкары, бронхит жугуштуу болгондуктан, башка балдарга жугузуу коркунучу жогору.
Бронхит – көңүл бурууну талап кылган олуттуу абал. Баланын жөтөлү башталганда үй шартында туура мамиле кылуу жана дароо антибиотикке жүгүрбөө маанилүү. Эгер симптомдор күчөсө, сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек. Иммунитетти чыңдоо жана алдын алуу чараларын көрүү аркылуу бул оорунун кайталанышынан сактанууга болот.
Айпери Марлесова