6-июнда Кыргызстан мусулмандары Курман айт майрамын белгилешти. Бул ыйык күндүн урматына Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүндө коомчулукка үлгү боло турган кайрымдуулук иш-чара уюштурулуп, муктаж үй-бүлөлөргө курмандык эти таратылды.
Чолпон айыл өкмөтүндө Курман айт майрамына карата уюштурулган курмандык чалуу учуру.
Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүндө Курман айт майрамына карата коомчулукка үлгү боло турган кайрымдуулук иш-чара өткөрүлдү. Аймактагы кайрымдуу тургундар тарабынан уюштурулган бул демилге — жергиликтүү элдин биримдигинин жана боорукерлигинин айкын далили болду.
Чолпон айылынын тургуну Адил Жумалы уулу билдиргендей, Чолпон айыл өкмөтүнүн аймагындагы тургундар курмандык чалуунун шартына ылайык, жети киши биригип бир уй союга катышкан. Натыйжада жалпысынан 13 баш ири мүйүздүү мал союлуп, курмандыкка чалынды.
Жергиликтүү тургундар шариат шартына ылайык 7ден биригип, 13 уй союшту.
Курмандыкка чалынган уйлардын эти Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу социалдык абалы оор 130 үй-бүлөгө жана Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү үйү жок, соцгородокто жашаган 30 үй-бүлөгө жеткирилди. Ар бир үй-бүлөгө орточо эсеп менен 5–5,5 килограммдан эт таратылды.
Курмандыкка чалынган уйлардын эти социалдык абалы оор 160 адамга таратылды.
Кайрымдуулук иш-чарасынын негизги максаты — жардамга муктаж жарандарга колдоо көрсөтүү жана коом ичинде урмат-сый, ынтымак жана боорукерликти чыңдоо болду.
Жардам алган үй-бүлөлөр уюштуруучуларга жана демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, ак баталарын беришти. Бул кайрымдуулук иши – адамдарды бириктирген, кайрымдуулук менен боорукерликти жайылткан саамалык катары элдин жүрөгүндө сакталып калууда.
Илима Жумабаева, Гүлира Сатарова.