Бул комикс коомдо кеңири тараган «уул туулбаса болбойт» деген түшүнүктүн кесепеттерин жөнөкөй үй-бүлөлүк окуя аркылуу ачып берет. Каармандар – Ташмат, анын жубайы Сайра жана активист кыз Айдана – кыз төрөлгөндө коомдон чыккан терс реакциялар, кастык тил жана дискриминацияга туш болушат.
Комикс кыз балдардын баалуулугун жана укугун таанууга, ата-энелердин аң-сезимин өзгөртүүгө чакырат. Каармандар өз ойлорун, сезимдерин айтып, акырында сүйүү, урмат жана жоопкерчилик жеңишке жетерин көрсөтөт. Комикс ар бир бала – уул же кыз болсун – татыктуу мамилеге жана колдоого татыктуу экенин эске салат.
Комиксти окуп жайылтууга салымыңызды кошуңуз.
Бул басылма Internews ишке ашырып жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу» (CARAVAN) долбоорунун алкагында Европа Биримдиги тарабынан каржыланат/ биргелешип каржыланат. Анын мазмуну үчүн Жамааттык Медиа гана жоопкерчиликтүү жана ал Европа Биримдигинин жана Интерньюстун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.