2025-жылдын 26-майында Нарын районуна караштуу Кайыңды айылынын М. Кенжакунов атындагы орто мектебинде «Акыркы коңгуроо» аземи салтанаттуу белгиленди.
Бул күн бүтүрүүчүлөр үчүн чоң турмуш жолуна узап, жашоонун жаңы баскычына кадам таштаган күн. Бүтүрүү кечесине Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ашырбаев Талант Айбекович, Кайыңды айылынын айыл башчысы Осмонов Айбек Замирбекович, окууда жана коомдук иштерге активдүү катышкан окуучуларга стимул берген демөөрчүлөр, мектеп жамааты, бүтүрүүчүлөр, айыл тургундары, окуучулар катышты.
Салтанаттуу иш-чара эки бөлүктөн өттү. Биринчи бөлүгүндө жакшы каалоо тилектер айтылып, жыл ичинде эң жакшы көрсөткүч көрсөткөн мугалимдерге жана окуучуларга грамоталар, стипендиялар тапшырылды.
Демөөрчүлөр :
1.Кайынды айылынын кулуну ,жеке ишкер Мунайтбасов Эрлан Эркинбекович «Мунайтбасов Жумакадыр ата » атындагы стипендия ;
2.Кайынды айылынын кулуну,»Манас» театрынын манасчысы, √51-мектептин мугалими, » Френдс» компаниясынын директору Кенжебеков Жаныбек , «Кенжебеков Жаныбек» атындагы стипендия ;
3.Таш Башат айылынын тургуну Турсунбаев Болот Асаналиевич тарабынан «Гүлай Тапаева» атындагы стипендия;
4.Нарын токой чарбасынын токой бөлүмүнүн башчысы Орозоев Жанболот Асекович тарабынан «Орозоев Асек ата» атындагы стипендия;
5.Кенжакунов Данияр Маратович тарабынан «Марат Кенжакунов » атындагы стипендия;
6.Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Тазабеков Максат Шалдырбекович тарабынан стипендия;
7.Таш- Башат айылынын тургуну Каримов Кабыл Абдырасулович тарабынан «Найман ата» атындагы стипендия;
8.Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинин химия мугалими Абдырахманова Нурайым Эсеновна тарабынан стипендиялар берилди .
Экинчи бөлүгүндө бүтүрүүчүлөрдүн салтанаттуу иш-чарасы өттү.
Демөөрчүлөргө мектеп директору Б.Макилова ыраазычылыгын билдирди:
«Бул стипендиялар окуучуларыбыз үчүн кийинки окуу жылына, окууларын жакшы окууга чоң мотивация болот деп ойлойм . Окуучуларды шыктандырып, колдоп жаткан демөөрчүлөрүбүзгө ден-соолук, бакубат жашоо каалоо менен терең ыраазычылык билдиребиз. Ушундай мектептен жардамын аябаган ага- эжелерибиз көбөйсүн. Ал эми бүтүрүүчүлөргө ак жол каалайм. Ойлогон ой- максаттары ишке ашсын демекчимин»
Иш чаранын соңунда демөөрчүлүк кылган адамдарга ыраазычылык каттар тапшырылып, мектеп жамаатынын атынан ыраазычылык билдирилди.
И.Мөндүрбаева