Чүй облусунун Таш-Дөбө айылында медиа маалыматтык сабаттуулукка арналган семинар болуп өттү. Иш-чара айыл тургундарына арналып, жалган маалымат жана анын тийгизген таасири, сынчыл ой-жүгүртүү жана Баш мыйзам тууралуу маалымат ала алышты.
Семинарды Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөсү Ала-Арча жамааттык мультимедиа борбору өткөрдү. Катышуучулар фейк маалыматтар, сынчыл ой-жүгүртүү жана ушул жылдын 11-апрелиндеги референдумдун жыйынтыгы менен өлкөдө кабыл алынган Баш мыйзам тууралуу маалымат алышып, талкуулашты. Анын жыйынтыгында айрым катышуучулар буга чейин кездештирип келген интернеттеги фейк маалыматтар тууралуу ой-пикирлери менен бөлүштү.
Маалымат алуу адам үчүн керектүү нерсе. Бирок, коомубузда ар түркүн маалымат болуп жатат. Арасында жалган маалыматтар да бар деген Бүбүкан Жусупова коомчулукту сынчыл болууга чакырат. Ал жакында гана алдамчылар аны кантип алдап кеткени туурасында ой бөлүшүп, анын окуясы көпчүлүккө сабак болушу керектигин белгиледи.
Бүбүкан Жусупова : “Мурда дагы мени алдаганга аракет кылган учурлар болгон. Бирок, анда мени ишендире алган эмес. Бул сапар абдан ишенимдүү сүйлөшкөн. Ошондуктан, мен эле эмес, бакшалар дагы алданып калыптыр. Ал калпычылар көрсө, атайын ыкмалар менен торго түшүрөт экен. Тез акча сала калыңыз деп адамга ойлонууга дагы убакыт бербейт экен. Анын кесепети менен 4 миң сомго алдандым. Милицияга кайрылсам, изин таптырбай кетиптир. Мындай нерсеге кабылганда, “токтогула, мен текшерейин” деген нерсени сөзсүз айтыш керек экен”.
Гүлжан Бөлөкова мурда маалымат бүгүнкүдөй көп эмес болчу, андыктан маалыматты электен өткөргөн көндүмгө ээ болушубуз керек дейт. Гүлжан айым, бул көндүмгө жаш балдар гана эмес, ар бир адам ээ болсо деген оюн ортого салды.
Гүлжан Бөлөкова: “Азыр эми маалымат абдан көп. Биз окуган, көргөн, уккан маалымат бизге пайдалуу болушу үчүн өзүбүз медиа сабаттуу болушубуз керек. Ар бир окуган маалыматты башкаларга бөлүшүүдөн же ага кандайдыр бир реакция кылуудан мурда электен өткөрүү керек болуп калды. Мындай көндүмгө ээ болбогондон улам, ал маалыматтын айынан зыян тартып жаткан учурлар болуп жатат”.
Кундузбек Турганов: “Коомдо болуп жаткан окуяларда чын менен калпты айырмалай билүү үчүн сөзсүз медиа сабаттуу болушубуз керек. Себеби, социалдык медиада жалган маалымат абдан көп жана тез жайылып жатат”.
Аскер Жусупов: “Өзүм алдамчыларга кабылган эмесмин. Бирок, интернеттен социалдык медиа аркылуу кимдир-бирөөнү алдап кеткенин окуп, көрүп жүрөм. Маалыматты алуу, башкаларга бөлүшүү маданияты ар бир адамда болушу керек. Фейк маалыматтар жеке гана эсебиндеги акчасын алдырып жибергенден тышкары, каралоо, ашырып мактоодо дагы колдонулуп элдин ой-пикирин бурмалоодо. Мындай маалыматты бергендердин дагы ар-кандай максаты болуп жатат. Бул нерселер чындыктан алыс болгондуктан, маалыматты окуп жаткан адам анализ кыла билүүсү керек”.
Белгилей кетсек, медиа маалыматтык сабаттуулук иш-чаралары Кыргызстандын 22 айылында жүзөгө ашты. Ар бир семинарга 50дөн ашык айыл тургундары акысыз катышып, санарип билимге ээ болушту.