Нарын облусунун Куланак айылында медиа маалыматтык сабаттуулукка арналган семинар болуп өттү. Иш-чарага айыл тургундары катышып, жалган маалымат жана анын тийгизген таасири, сынчыл ой-жүгүртүү жана Баш мыйзам тууралуу маалымат ала алышты.
Куланак жамааттык мультимедиа борборунун координатору Айзат Түмөнбаева медиа маалыматтык сабаттуулук семинарын өтүп жаткан учуру
Иш-чараны Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөсү Куланак жамааттык мультимедиа борбору өткөрдү. Катышуучулар фейк маалыматтар, сынчыл ой-жүгүртүү жана ушул жылдын 11-апрелиндеги референдумдун жыйынтыгы менен өлкөдө кабыл алынган Баш мыйзам тууралуу маалымат алышып, талкуулашты. Семинардын жыйынтыгында айрым катышуучулар буга чейин кездештирип келген интернет алдамчылыгы тууралуу ой-пикирлери менен бөлүштү.
Атын атагысы келбеген каарманыбыз, эжеси башынан өткөргөн окуяга токтолду.
«Мындан бир жыл мурун эжем инстаграмга катталган. Бул социалдык медиадан бизнес тууралуу бир жарнаманы көрүптүр. Анда, автоворонканы 500 жүз сомго сатып алып, андан кийин аны башкаларга кымбат сатасыңар деп чыккан. Алардын инстаграмдагы баракчасында бул тармакта ийгиликтүү болуп, көп акча алып жаткандардын сүрөтүн чыгарып турган. Ошону эжем дагы көрүп, WhatsApp аркылуу байланышып, алар жиберген номурга 500 бирдик салыптыр. Эжем, бир товар сатып алып, аны кайра сатам деп түшүнүптүр. Бирок, ага билдирүү келип, ачса шилтеме бар экен. Шилтемени ачса, кантип акча табыш керек деген суроого, бул шилтемени дагы башкаларга жөнөтүп, жөнөтөөрдөн мурун 100-200 сомго сатуу сунушталыптыр. Эжем, бирок муну башка эч кимге сата алган жок…»
Куланак айылынын дагы бир тургуну курбусу интернет аркылуу кабылган окуяны айтып, интернетке өздүк сүрөттөрдү ачык жайгаштыруунун кооптуу экенине токтолду.
“Бир күнү интернетти карап отурсам эле, курбу кызым чыгып калды. Ал ошол сүрөттө туура эмес жолдо жүргөнү көрсөтүлгөн экен. Мен жана башка тааныштар ал курбума анын сүрөтү тууралуу айта баштадык. Жакын тааныштары болгон үчүн бардыгыбыз эле ал кыздын андай туура эмес ишке бараарына ишенбейбиз. Дароо эле фотошоп экенин билдик. Ал курбума айтсак, “ооба ошентип киргизип салышыптыр, сүрөттү өчүр деп жазганым менен болбой жатат” деп жооп берди. Ал баланын сайтына кирсек, кыздардын толгон сүрөтү бар экен. Көрсө, кыздардын жүзү так көрүнгөн сүрөттөрүн алып, кесип, башка сүрөттөрдү чаптап эле чыгара берет экен. Өчүр десек, өчүргөн жок. Курбум, органдарга деле кайрылган жок. Ошол баланын өзүнө эле ал деп жазсак, ал бизге сүрөттү өчүрбөстүгүн ж.б көп сөз жазыптыр. Бул окуядан кийин социалдык медиага жүзүм көрүнгөн сүрөттөрдү эмес, башка нерселердин сүрөттүн киргизгенге аракет кылып калдым. Бирок, курбумдун сүрөтү дагы деле анын сайтында турат. Ал азыр жумушка кирип жатат. Кесиптештерим көрүп калса, эмне болот деп тынчсызданат…” – дейт атын атагысы келбеген каарманыбыз.
Касиет Кубанычбек кызы