2021-жылдын 19-май күнү Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин жаш чеберлери кесинди кийиздерден, кездемелерден жана жыгачтардан буюмдарды жасап жарманке уюштурушту.
Мектептин ИЗО жана технология сабагынанын мугалими Жылдыз Сатыбалдиева жарманке тууралуу мындай деди: «Негизинен көп адамдар бир кездемени, кийизди же болбосо жөнөкөй бөтөлкөлөрдү таштандыга ыргытып жиберишет, муну менен алар айлана-чөйрөнү булгап, таштандыга толтурушат.Биздин жарманкенин негизги максаты, жаратылышты таштандыдан таза сактоо менен элге ар бир майда нерседен керектүү буюмдарды кайрадан жаңыртып иштеп чыгууга болоорун далилдөө болуп саналат. Мектепте «Чебер колдор» ийрими иштейт, ага таланттуу окуучулар катышып көптөгөн буюмдарды жасашат. Көбүнчө алар жасаган буюмдарын үйүнө коюп коюшат. Кээ бирлери жоголуп же болбосо колдонулбастан эскирип кетиши мүмкүн. Жарманкеде жасалган буюмдарды айыл тургундары, мугалимдер жана окуучулар арзан баада өздөрүнө керектүүсүн сатып алышат. Бул жарманке биринчи жолу өтүп жаткан жок, мындан бир аз убакыт мурда ушул эле окуучулар тарабынан тамак- аш жарманкеси да болуп өткөн».
О
Окуучулардын колунан ушундай кооз буюмдар жаралат
Буюмдарды мектептин мугалимдери да сатып алышты
Азима Шакирова