Жаз башталгандан бери айыл тургундарына ичүүчү таза суу маселеси кѳйгѳй жаратып келүүдѳ. Күндүн суук болушуна байланыштуу тоодон түшкѳн суу дагы кеч келүүдѳ. Ошол себептерден айыл тургундары ичүүчү таза сууну сугат иштерине пайдаланып келүүдѳ.
Барскоон айылынын ичүүчү таза суу түтүкчѳлѳрү алгач 1969-жылы курулган. Калктын саны кѳбѳйгѳн сайын суу тартыштыгы маселе болууда. Заманга жараша ар бир тургун үйлѳрүнѳ суу түтүкчѳлѳрүн киргизүүдө. Бирок, айыл чоӊ болгондугуна байланыштуу ар бир үйдѳ суу чыгарылган деп айтуу кыйын.
Ичүучү таза суу маселеси мындан эки жыл мурун эле кѳтѳрүлгѳн. Бирок, эмнегедир суу кѳйгѳйү чечилбей кечеӊдеп келген. Карапайым калктын ичүүчү таза сууга болгон муктаждыгы боюнча Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Жаныбек Үсѳнбаев билдирди:
«Ичүүчү таза суу маселеси биринчиден Кѳк-Ой жана Ак-Коргон жаӊы конуштарында болууда. Элдин баарын токтото албайт экенсиӊ. Кээ бирлери огороддорун сугарып жатышат. Кээ бир үйлѳргѳ барсаӊ токтотуп койбостон жѳн эле агып жатканын кѳрѳсүӊ. Ошондон улам элге суу жетпей жатат».
Суу жетпеген жаӊы конуштардык кѳйгѳйлѳрү кандай чечилүүдѳ?
Жаӊы конуштарга ичүүчү таза суу түтүкчѳлѳрүн киргизүү жергиликтүү жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде келип чыккан. Жаӊы конуш болгондугуна байланыштуу мурда аталган жерлерде суу түтүкчѳлѳрү жок болчу. Мындан улам жергиликтүү бюджеттен, тендердин негизинде 10 миллион алты жүз миӊ сом каралып Ак-Коргон менен Көк-Ой жаӊы конуштарына болжолдуу түрдѳ 11 километр чакырымга суу түтүкчѳлѳрү тартылууда.
Ал эми мындан тышкары суу сактоочу жай дагы болуусу зарыл. Айылдын жалпы тургундарынын саны 9248. Айыл чоӊ болгондуктан бир суу сактоочу жай аздык кылат. Экинчисин куруу маселеси кѳтѳрүлүп, «Кумтѳр Голд» компаниясы менен макулдашуу жүргүзүлгѳн дейт «Таарылга-Булак СООППВ» жетекчиси Ысмайыл Иманалиев.
«Азыркы учурда Кѳк-Ой менен Ак-Коргон жаӊы конуштарына суу түтүкчѳлѳрүн киргизүү жумушунун дээрлик 80% бүтүп калды. Буюрса жакынкы аралыкта элге суу беребиз деп турабыз. Ал эми экинчи суу сактоочу жайды куруу боюнча Кумтѳр жардам берүүгѳ макул болгон. Алар 3 миллион 900миӊ сом карап тендер жарыяланган. Бирок, эмнегедир бүгүнкү күндѳ акчасы которулбай кечигип жатат. Ал курулса айыл ичинде эки резервуар менен элге суу кеӊири болот деп ишенем».
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун кѳз карашын чагылдырбайт.
Гүлкайыр Осмоналиева