Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүндө 11 — апрелде жергиликтүү кеңешке шайлоо болуп, 21 депутат жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланган. Мандаттарын алган депутаттардын алгачкы сессиясы болуп өттү.
Учкун айылдык кенешинин 31-чакырылыштагы депутаттары мандаттарын алышып, расмий ишмердүүлүгүн башташты.
Биринчи сессияны 30-чакырылыштын төрагасы Эсен Исмаилов ачып берди. Күн тартибинде жаңы кеңештин төрагасын жана орун басарын, туруктуу комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо маселеси каралды. Учкун айылдык кеңеши 2 айылдан шайланып келген 21 депутаттан турат.
Шайлангандардын 33% аялдар, мурдагы чакырылыштан кайра шайланып келгендер 9,5% түзөт. Депутаттардын эң улуусу 61 жашта болсо, жаш курагы боюнча эң жашы 25 жашта.
Жаны депутаттык курам:
Тостоков Кылыч — айылдык кенештин төрагасы болуп шайланды.
Абдымаитов Эрнисбек
Абдыракманов Кылычбек
Асанбеков Нурсултан
Жумалиева Назгул
Ишенбек уулу Стам
Кайыпов Бактыбек
Калдарбек уулу Абай
Касымбекова Назира
Кыдыралиева Назира
Мамырбаева Таалайкул
Мамырбаев Касымакун
Мамеков Темир
Мудунов Таалайбек
Орозбеков Аксуубай
Орозкожо уулу Акай
Саадакеева Назгул
Солпиева Айзада
Токсобаева Таалайкул
Мусапов Жылдызбек
Усонов Рысбек
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикилер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Айзат Түмөнбаева
Суусамыр: Жаңы шайланган жергиликтүү кеңеш кезексиз отурумга чогулду