Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен Суусамыр өрөөнү боюнча жергиликтүү кеңешке 21 депутат шайланды. Алардын ичинен 7 айым депутат болуп келишти. Суусамыр айыл өкмөтүндө жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин кезексиз биринчи отуруму болуп өттү.
Отурумдун күн тартибиндеги маселелер болуп жергиликтүү кеңештин төрагасын жана орун басарын шайлоо, жергиликтүү кеңеште туруктуу комиссиялардын төрага мүчөлөрүн дайындоо ж.б маселелер болду.
Отурумду жергиликтүү кеңештин 6-чакырылышынын төрагасы Нурдасан Кулматов ачып берди. Жаңы келген жергиликтүү кеңештин депутаттарына ийгилик каалап өттү. Андан кийин айыл аймагынын башчысы Урмат Отунчиев буга чейинки аткарылган иштер боюнча тааныштырды. Кийинки кезекте депутаттар тарабынан эсептөө комиссиясы түзүлдү. Депутаттардын добушу менен жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоо жабык добуш берүү менен өттү. Депутаттар тарабынан эки талапкер көрсөтүлгөн болчу. Жыйынтыгында депутаттардын 11 добушу менен жергиликтүү кеңештин төрайымы болуп Назгүл Тойгонбаева шайланды. Мурунку төрага ийгилик каалап төрайымга ордун берди. Жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин төрайымы ыраазычылыгын төмөндөгүдөй билдирди:
«Мен сиздердин колдооңуздар менен төрайым болуп шайландым. Жалпы баарыбыз элдин колдоосу менен депутат болуп келдик. Эми элдин ишеничин актаганга аракет кылалы. Бардыгыбыз биргеликте ынтымакта иш алып барабыз деген ойдомун. Жаны шайланган депутаттардын арасында баардык тармактардын өкүлдөрү бар экендигине кубанып жатам. Айылыбыздын өнүгүшүнө салымыбызды бирге кошуп жигердүү пайдалуу иштерди жасайбыз деп ойлоймун. Сиздерге ыраазычылык билдирем. Ден-соолук, бакубат жашоо каалаймын. Өлкөбүздө тынчтык жана ынтымак болсун. Баардыгыңыздарга чоң рахмат».
Кийинки кезектеги маселе катары төрайымдын орун басарын шайлоо болду. Эки талапкер көрсөтүлдү. Анын бирөө дагы айым депутат болду. Депутаттардын ачык добуш берүүсү менен Тилек Чейнекеева шайланды.
7-чакырылыштагы жергиликтүү кеңешке айымдардын келүүсү менен жергиликтүү кеңештин төрайымы жана анын орун басары болуп айымдардан шайлануусу жакшы жаңылык болду дейт Суусамыр айыл аймагынын башчысы Урмат Отунчиев.
«Жаңы шайланган жергиликтүү кеңешке 7 айым депутат болуп келди. Бизде буга чейин айым депутаттар болгон эмес. 7-чакырылышка айымдардын депутат болуп келүүсү жакшы жаңылык болду. Эң кызыгы жергиликтүү кеңешке төрайым дагы орун басар дагы айымдардан шайланды. Эми тең салмактуулук болду деп ойлойм. Айымдар дагы көп маселелерди көтөрүп чыгышат жана коомго көп пайдалуу иштерди жасаганга аракет кылышат. Жергиликтүү кенеште айымдар чоң орунду ээлейт. Биргеликте ынтымакта иш алып барабыз деп ойлойм. Бардыгына ийгилик каалайм».
Кезектеги маселе болгон жергиликтүү кеңештеги туруктуу комиссиялардын төрага мүчөлөрү дайындалды. Эскерте кетсек, жергиликтүү кеңеште төрт туруктуу комиссия иш алып барат. Алар бюджеттик, агрардык, административдик, социалдык комиссиялар болмокчу. Ар кандай маселелер катары депутаттардын этикасы журум-турум эрежелери каралды.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикилер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Азиза Тамчиева
Аудио: Айылдык кеңештин депутаттары фракцияларды же топторду түзө алабы?