Ооган-Талаада айылынын тургундары таштандылардын көбөйүп жатканын бизге билдиришти. Биз бул маселе тууралуу Ооган-Талаа айылынын башчысы Муктар Калдаров менен маек курдук.
Саламатсызбы, биз айылда сурамжылоо жүргүзгөндө тургундар таштанды маселесин айтышты. Бул тууралуу эмне дейсиз?
— Чынында таштандылар айылда көбөйүп кетти. Биз ал маселени айылдык депутаттар менен сүйлөшүп, ар айдын 15инде машина менен чогултуп, бир жерге төгөбүз деп элдик жыйында тургундарга айтканбыз.
Ал таштандылар кайсы жерге ташталат?
— Бул таштандылар биздин коңшу Чкалов айылынын таш көпүрө деген жерине төгүлөт. Тургундар таштандыларын көчөгө алып чыгып койсо, өзүбүз топтоп алып кетебиз.
Негизинен бул үчүн унаа алынып келинеби?
— 15-майда келсе көрөбүз, тургундарга айтып эле жатабыз таштандыларды көчөгө алып чыгып койгула деп.
Бул машина ким тарабынан берилет жана айлык маянасын ким төлөйт?
— Машина айыл өкмөтү тарабынан келтирилип жатат. Анан айлык маянасын ар бир үй-бүлө 20 сомдон топтоп беришсе жакшы болмок. Себеби айыл өкмөтүнүн каражаты жетишсиз болуп жатат. Тургундарга бул тууралуу айтып жатабыз.
Маек курганыңыз үчүн чоң рахмат!
Автору: Адилет Канат уулу, Руслан Турсунбай уулу.
Сынак үчүн