Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы төрөт үйүнүн абалынын начардыгына тургундар . Учурда толук оңдодон өтүп жатат.
Биз бул тууралуу төрөт үйүнүн жетекчиси Бактыкан Абдирешова менен маек курдук.
Төрөт үйү канчанчы жылы курулган?
— 1983-жылы мамлекет тарабынан курулуп ишке берилген.
Канча жолу оңдоп түзөлдү?
— Курулгандан бери толук оңдодон өтө элек болчу. 2015-жылы чатыры жабылган.
Оңдоо качан башталды?
— 2016-жылдын башында башталып, ички бөлмөлөрү, жуунучу бөлмөлөрү жана ошондой эле ысык-муздак суу менен камсыз болду. Учурда төрөт үйүнүн сырткы бөлүгү толук оңдодон өтүп жатат.
Бул төрөт үйү ким тарабынан оңдолуп жатат жана канча каражат кетти?
— Мамлекет тарабынан оңдолуп жатат жана чатыры жабылып ички бөлмөлөрү оңдодон өткөндө 2 миллион миң сом кетти. Ал эми сырткы бөлүгүнө 2 036 890 сом каражат кетти.
Оңдоо иштери качан аяктайт?
— Баары бат бүткөнгө аракет кылып жатышат. 1-2 айдын ичинде оңдоо иштери бүтөт.
Маегиңизге чоң рахмат.
Автору: Адилет Канат уулу, Руслан Турсунбай уулу.
Сынак үчүн