«Биздин биринчи эле көйгөйүбүз жарык масалеси, айылдардын көчөлөрүндө жарык жок, кечинде балдарыбызды дүкөнгө жөнөтүштөн деле коркобуз» дешет айыл тургундары. Биз бул маселе тууралуу өкмөт башчы Калмамат Кудайбердиев менен маек курдук.
Саламатсызбы, биз Куу-Майдан айылында, айылдын маселелери тууралуу сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Сырамжылоого ылайык, тургундардын көбү көчө жарыгын айтышты. Эмнеге көчөлөргө жарык жок?
— Быйыл азыр үч айылдагы көчөлөргө жарыктар жок. Былтыр бир көчөнү жарыктаганбыз. Бул эми биринчиден каражаттын жетишсиздигинен болуп жатат.
Көчөлөргө жарык коюуга пландар барбы?
— Пландар бар, эки көчөнү планга киргиздик быйыл. Сессияда карап, акчасын карап, мына быйыл беребиз эми.
Эгер бирөө кечке маал көчөдө баратса чуңкур болсо, ага түшүп кетип зыян тартса ким жооп берет?
— Андай чуңкур болгон жерлер жок эми, кудай сактасын деп эле турабыз. Каражатыбыз болбой эң негизгиси датасы жок кыйналып жатабыз.

Тургундардын айтымы боюнча мурда жарык болгон экен алар эмне болду?
— Ал 30-40 жыл мурун коюлган бүт жараксыз болду. Анан ал бир жерге туташтырылат эле, азыр эми райондук электр станция (РЭС) техникалык шарт бербейт. Ошон үчүн ар бир үйдүн өзү менен эле келишим түзүп жатабыз. Түзсөк анан шарттарды берет.
Аракет кылып көрдүңөрбү?
— Аракет кылып көрдүк бир жарым айылды бүттүк. Эми эки айылды быйыл бүтөбүз. Буйруса Арбын менен Куу-Майданды бүтүрөбүз. Анан Шаңколду, Шаңколдун балдары патент менен демилге көтөрүп жатышат биринчи ал бүтүп калышы да мүмүн.

Эми көчөгө жарыктар качан коюлат?
— Байыш айылына коюлган. Арбын, Куу-Майдан, Шаңкол айылдарына июндун аягына чейин коюлуп бүтөт.
Маегиңиз үчүн чоң рахмат!
Даярдаган: Аймончок Курсантбек кызы