Учкун айылынын Эшбай Токсобаев мектебинин курулуп, ишке берилгенине төрт жыл убакыт болсо, ошондон бери 29 бөлмөлүү мектептин ондон ашык классында тамчы тамат. Бул маселе боюнча мектеп директору Арзыгүл Шеримбекова менен маек курдук.
Саламатсызбы? Мектептен качантан бери ушундай тамчы агып, ыңгайсыз абалдарды жаратууда?
— Мен мектепке 2014-жылы директор болуп келдим. Ошол убакыттан бери тамчы агат. Бирок Казыбек Асылбековдун (мектептин мурдагы директору) жиберген билдирүүлөрүнө караганда мектептен 2012-жылдан бери эле тамчы акчу экен. 2012-жылдан бери тамчы тамган жерлер чоңоюп, окуунун жүрүшүнө терс таасирин тийгизүүдө. Бул мектеп көп эле кемчиликтер менен ишке берилген экен.
Бул маселе боюнча кимге кайрылдыңыздар?
— 2012-жылдары “Олдомор” жоопкерчилиги чектелген коомуна кайрылуу жасалган жана айыл өкмөтүүн башчысына да кайрылышкан экен. Мен КТРКга кайрылып, бул маселени эфирге чыгарганбыз. Бирок ГОСАКТынын жоктугунан маселе чечилбей келет.

Кайрылганыңызда алар кандай жооп беришти?
— 2012-жылы 26-декабрда “Тянь-Шань Сельремстрой” ачык акционердик коомунун башчысы К.Турдумбаев милдеттенме алыптыр. Себеби мектепти куруучулар дал ушул коом болгон. Милдеттенмеде К.Турдумбаев тамчы аккан жана бузулган жерлерди өңдоп берүүгө убада берген. Бирок ал адам каза болуп калган.

Эми оңдоп-түзөөгө жалпы канча каражат керектелет?
— Жалпы чатырды алмаштырууга бир миллион сомдон ашык каражат керектелет. Бирок бизде андай акча каражаты жок. Өкмөт бизге беш гектар жер бөлүп берген, ал жерден жылына көп дегенде эле 1000 боо чөп алсак, ал жүз миң сомду түзөт. Айдоого кеткен чыгымдарды алып салганда бизде 70 миңдин тегерегинде гана акча калат. Өзүңүздөр билгендей, ал акчалар менен маселени чечүүгө болбойт.
Мындан кийинки кадамыңыздар кандай болмокчу?
— Мындан кийинки кадамыбыз эми чатырды алмаштыруу болуп эсептелет. Бирок бизидин ага каражатыбыз жетпейт. Бизге айыл өкмөтү ремонтко деп жылына 20 миң сом берчү. Бирок ал акча быйыл бизге которулган жок. Биздин кийинки кадамыбыз Жогорку Кеңешке же Өкмөткө кайрылуу болот. Бул мектеп биздин келечегибиз болгондуктан биз бул маселени чечишибиз керек.
Маегиңизге чоң рахмат!
Даярдаган: Алмаз Эшбаев.
Редактору: Найзабек Мукамбет уулу
Сынак үчүн