«Ооган-Талаа» жамааттык мультимедиа борбору айыл тургундарына сурамжылоо жүргүзгөндө айрымдары көчөдө түнкүсүн чырактар иштебей, ыңгайсыздык жаратып жатканын айтышты. Мультимедиа борборунун кабарчысы бул тууралуу Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов менен маек курду.
Саламатсызбы, биз айылда сурамжылоо жүргүзгөнбүз, сурамжылоодо тургундар түнкү жол чырактардын иштебей тургандыгын айтышты. Бул маселенин себеби эмне?
— Бул жол чырактар күйбөй турганынын себеби 2015-жылы айыл тургундарга ток жетишпей бир трансформатор коюп бергенбиз. Ошондо тургундар столбадагы нолевой линянын 50 метрдей жерин ошол линяга тартып жиберишиптир ошол себептен азырынча иштебей турат.
Бул маселени кантип чечсе болот?
— Чечсе болот. Кайра ошол линяны бошотуп, ал жерге зым тартып берсек, жол чырактар мурдагыдай эле иштейт.
Качан оңдоо иштери башталат?
— Мындан да башка баштаган иштерибиздин бүтүп, жол чырактарды оңдоону 15 күндүн ичинде баштайбыз.
Канча каражат кетет?
— Азырынча билбейбиз, ишти баштагандан кийин анан билинет.
Качан оңдоо иштери аяктайт?
— 15-күндүн ичинде баштасак, бат кылып бир айдын ичинде көчөнүн башынан аягына чейин жарыктандырылып берилет.
Маек курганыңыз үчүн чоң рахмат!
Автору: Эсен Аскарбеков
Сынак үчүн