Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында экинчи ирет сел жүрүп жолдор тосулду. Айыл тургундарынын үйүнө чейин сел кирип жабыр тартышты.
Айылдын тургуну Айсалкын Абдраимованын айтымында, түнү менен катуу жамгыр жаап, эрте мененки саат 6:30дарда сел үйүнүн ичине чейин каптап кирип кеткен.
«Биз ал убакта уктап жатканбыз. Суу шарылдап үстүбүзгө агып кирди, буюмдарыбыз калган жок. Кошуналарымдын үйүнөн тамактанып жашап калдык. Аким болсо келип, биздин абалыбызды көрүп жардам бербей кетип калды», — деп айтты Абдраимова.
Ал эми ошол эле айылдын тургуну Жайлоокан Рахманованын үйү менен кошо бакчасындагы эгиндерин да сел алып кеткен.
«Сел биринчи жолу эмес, экинчи жолу келди. Бирок мурда мынчалык катуу келген эмес эле. Айыл өкмөт бар экен, жардам берилип жатат. Жада калса дарыгерлер үйүбүзгө келип, текшерип кетишти», — деп айтты Рахманова.
Ооган-Талаа айылынын башчысы Муктар Калдаровдун билдиришинче, 100дөн ашык адамдын үйүнө сел кирип, анын ичинен төрт үй жараксыз деп табылган. Аларга даражасына жараша жардамдар көрсөтүлүп жатканын айтты Калдаров.
Автору: Адилет Канат уулу, Руслан Турсунбай уулу
Сынак үчүн