Куу-Майдан айылынын тургуну Алимбаев Коргонбай 55 жылдан комуз чертип келет. Анын талантын көп элдер билет жана үйрөнгөнү келип турушат.
Коргонбай ата бир гана комузда эле эмес, ар түркүн кыргыздын аспаптарында ойной алат. Ал өз өнөрүн уул-кыздарына, неберелерине, туугандарына жана айылдаштарына үйрөтүп келүүдө.
Коргонбай атанын жолун жолдоп неберелери да комуз, кылкыяк түрдүү кыргыздын музыкалып аспаптарында ойноп келет. Ал комузду жалаң гана илгерки күүлөр менен чертет.
Небереси Анарбек Кадыр уулу кыл кыякты чертүүнү чоң атасынан үйрөнгөн.
Коргонбай Алимбаев атага Фрунзе шаарында окуп жүргөндө үйрөнгөнүн айтат.
«Окуп жүргөндө таластык достор бар болчу, ошолор үйрөтүп, ошондон бери комуз чертип келем. Илгери азыркыдай комуздар жок болчу. Бир кыл эки кыл менен чертчүүчүбүз. Азыр болсо жаңы комуздар чыгып калды», — дейт Коргонбай Алимбаев.
Даярдагандар: Хусейн Курсантбек уулу, Азиретали Айдарали уулу
Сынак үчүн