Жайыл районундагы Кара-Суу айылынын 11-классынын бүтүрүүчүлөрү тууралуу айтып бермекчибиз. Кененирээк маалыматты бүтүрүүчүлөрүдөн алсак.
— Мен Нурбеков Сыймык, азыркы учурда Кара-Суу орто мектебинде 11-классында окуп жатам. Мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайга барбай эле жөнөкөй кесиптик техникалык окуу жайга барсамбы деп ойлоп жатам. Анткени, кесиптик техникалык билим берүүчү жайды бүтүргөн студенттердин 80% жумуш орундарын таап иштеп өз жанын багып жатышат. Жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин жумуш табуу бир топ кыйын себеби жумуш орундары аз. Азыркы учурда ширетүүчү, мугалим, ашпозчу, электрик сыяктуу кесиптерге талап жогору ошондуктан техникалык окуу жайга тапшырууга чечтим. Баарыңарга кеңеш берет элем, жумуш табыла турган окуу жайларга окуңуздар.
— Саламатсыздарбы менин аты жөнүм Тыныстанбек уулу Максат. Азыркы учурда Кара-Суу айылында 11-класста окуйм. 11-классты бүтөөрүмө аз гана убакыт калды. Кудай буюруса, мектепти аяктагандан кийин автоэлектрик жагына тапшырсамбы дейм, себеби мага ошол жагы жагат жана ыңгайлуу, техникага да өзүм жакынмын.
— Мен Кнатова Айдана 11-класстын окуучусу. 11-классты бүткөндөн кийин, Кыргыз Консерваториясына тапшырам, себеби ошол жагы мага абдан жагат жана өзүм ырдаганды жакшы көрөм.
Сиздер Кара-Суу айылынын бүтүрүүчүлөрү менен болгон маекти уктуңуздар. Кара-Суу орто мектебинин 2016-жылкы бүтүрүүчүлөргө ийгилик жана жашоодо өз жолун таап кетишине тилектешпиз.
Даярдагандар: Айдана Кнатова, Таазим Талдыбекова
Сынак үчүн