Кара-Суу айылынын бүтүрүүчү класстарды экзаменге кандай даярдык көрүп жатышканын билүү үчүн аларды кепке тарттык.
— Мен Нурбеков Сыймык, 11-окуучусумун. Окуу жылы аяктап баратат. 4 сабактан экзамен беребиз. Азыркы учурда билет жазып жатабыз. Алгебра сабагынан эсептерди чыгарып, кыргыз тил, орус тил сабагынан дилбаян жазып консультацияга келип жатабыз. Кудайым буйруса экзаменди ийгиликтүү тапшырып, жакшы баа алып, борборго сапар тартып жакшы бир окуу жайга окуюн деген ниетим бар. 
— Мен, Ишенбек уулу Ырыскелди, Кара-Суу орто мектебинин 9-классында окуйм. 9-классты бүткөнгө байланыштуу быйыл бизге 4 сабактан экзамен болот. Кыргызстан тарыхынан, орус тилден, кыргыз тилден жана алгебрадан беребиз. Ал экзаменге даярдыктар жакшы жүрүүдө. Жогору жактан келген атайын билеттерди жазып, аларга жооп издеп жатабыз.
— Мен, Турусбеков Азирет, Кара-Суу орто мектебинде 9-классында окуйм. Биз быйыл 4 сабактан экзамен беребиз 1-сабак кыргыз тил, 2-сабак орус тил, 3-сабак алгебра, 4-сабак кыргызстан тарых. Ар бир сабакка 25 суроодон берилиптир, ошол суроолорго биз жооп берип жатабыз.
Кара-Суу орто мектебинин бүтүрүүчү класстарынын алдыда келе жаткан мамлекеттик аттестацияга кандай даярданып жаткандыгы туралуу маалымат алдыңыздар.
Даярдаган: Айдана Кнатова
Сынак үчүн