Түп районунун Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов №18 орто мектебинин Жаштар ансамбли курулуп, алар көптөгөн ийгиликтерге жетишип келүүдө.
Мектептин музыка сабагынан берген мугалими Аскат Шабданбаев ансамблдеги балдар таланттуу экенин, бирок айрым шарттардын жоктугу ыңгайсыздык жаратып жатканын айтат.
“Биздин көйгөйүбүз форма жагынан аксап атабыз. Аспаптардын бардыгы жакшы, маданият үйүнө даярданып жатабыз. Мектептин балансына бөлүнүп, он комуз алынып берсе, ошондо дагы-дагы жаштардан жакшы окуучулар чыгат эле”, — деп айтып өттү Шабданбаев.
Шабданбаев кошумчалагандай, алар “Ысык-Көл жылдыздары” сынагынын райондук баскычында 1-орунду алып, бирок, форманын жоктугунан облустук сынакта 4-орунду алып калышкан.
Аталган мектептин 9-классынын окуучусу Айтурган Марат кызы эки жылдан бери Жаштар ансамблинде комуз чертип келет.

“Мен бул ансамбилге 7-класстан бери катышып жатам. Аскат агай сабак берип азыр мен комуз ойнойм. Районго барып 1-орунду алдык”, — деди Айтурган.
Айтургандын классташы Сыймык Абдыкайыров ансамблге катышып жүрүп улуттук музыкалык аспаптарга кол ойнотуп үйрөнүп алганын айтат.

“Мен бул ансамбилге 3-класстан баштап катышып жатам. Мен учурда комуз, ооз комуз, жыгач ооз комуз, чоор аспаптарында ойноп жатам. Биз жакында сынакка барып келдик, анын жыйынтыгы билине элек. Мектепте иш-чаралар болгондо өзүмдүн талантымды көргөзүп, ар кандай грамоталарды алгам”, — деп токтолду Сыймык.
Даярдагандар: Мадина Кеңешова, Темирлан Кыдыров
Редактору: Дастан Оңолбеков
Сынак үчүн