Учкун мектебинде 30-апрель күнү Аскерге чейинки даярдоо сабагы боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдешке жалпы беш өрөөн катышып, ок атуу, саптык көнүгүүлөр жана даярдыктар, жеӊил атлетика жана башка түрлөр боюнча күч сынашышты.
Өткөрүлгөн мелдеште Учкун айылынын Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин уландары 1-орунга жетишишти. Ал эми 2-орунду Достук, 3-орунду Куланак, 4-орунду Жан-Булак камсыз кылды. Сары-Ой өрөөнү мелдешке катыша алган жок.

Бул мелдеш Республикалык деӊгээлдеги мелдеш. Бирок, республикага жолдомо алуу үчүн өрөөндүк, райондук, облустук баскычтардан өтүү зарыл. Таймаштын максаты — окуучуларды аскер көндүмдөрүнө азыртадан калыптандыруу.

Өрөөндүк мелдештин уюштуруучусу Бакыт Кайыпов сынак калыс өткөнүн айтат.

“Талаш болбош үчүн ар бир сынактын түрүнө атайын баалоочу кагаздарды дайындаганбыз. Бул мелдеш чуркоо, турникке тартынуу, граната ыргытуу, противогазды кийүү, пневматикалык мылтыктан атуу, саптык даярдык, ошондой эле аскердик тарыхый викторина менен коштолду”, — деди Кайыпов өз сөзүндө.
Аталган мелдештин калыстары болуп беш мектептен келген мугалимдер шайланды.

Ал эми 10-класстын окуучусу Темирлан Тоюнбек уулу мелдеш калыс өтүп, тапшырмалар оӊой болгондугун белгиледи.

“Мелдешке үч күн даярданганбыз, жеӊишке жетишебиз деген деле ойлор жок болчу. Бирок, бизге АЧД сабагы дайыма кирет. Ар бир сабакта жаӊы нерселерге ээ болобуз. Балким сабактын жакшы деӊгээлде өтүлгөндүгүнөн жеӊишке жетиштик деп ойлойм”, — дейт Темирлан.
Мелдеш төрт жылдан бери өткөрүлүп, быйыл Учкун айылында өрөөндүк этабы уюштурулуп жаткан кези. Буга чейин 1-орунду алган Токсобаев орто мектебинин уландары райондук мелдеште 2-орунду алып кайтышкан.
Даярдаган: Элина Асанакунова
Редактору: Найзабек Мукамбет уулу
Сынак үчүн