Быйыл Жайыл районунун Кара-Суу айылында былтыркы жылдарга караганда кант кызылчасы жакшы түшүм берди. Айылдын тургундары кубанууда.
Кара-Суу айылында 20 гектардан ашык аянтка кант кызылчасы себилген. Айылдын тургундары 1-октябрдан тарта кызылчаларын каза башташкан.
Айылдын тургундарынын айтымында, быйыл жаанчыл жыл болгондуктан кант кызылчасынын түшүмү мол болгон.
Айыл тургун Азис Мундузбеков бир гектар кызылча айдап, түшүмү жакшы болгонун айтат. Ал эми дагы бир тургун Улан Капсаламов болсо 30 сотык жерден 11 тонна кызылча алганын айтат.
Тургундар кызылчаны Кайыңды заводуна өткөрүшөт.
Аязбек Жунушев быйыл бир жарым гектар кызылча сээп, түшүм жакшы болгонун билдирди. «Кызылчанын баасы 3 сом 45 тыйын болуп жатат. Эгер заводго өткөрөбүз десеңер, анда 2 сом 90 тыйындан болуп жатат», — деп кошумчалады ал.
Даярдаган: Алымбекова Канышай
Редактор: Туратбеков Азирет
Сынак үчүн