Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз айылындагы М. Иманалиев атындагы орто мектебинде 10-классынын окуучуларынын уюштуруусунда 8-октябрь күнү “Ак терек-Көк терек” аттуу чакан оюн зоок иш чарасы болуп өттү.
Бул иш чара тууралуу 10-класстын окуучусу, иш чаранын алып баруучусу Адилет Курманбеков буларга токтолду:
“Биз бул иш чараны мугалимдерге арнаганбыз жана бул оюнга төрт мугалимди катыштырып, ак терек жана көк терек деген эки топко бөлүп, окуучуларга абдан көңүлдуу маанай тартууладык деп ойлойм. Бул “Ак терек-Көк терек” аттуу программабызды дагы улантып кетебиз деп ишенем”.
Жана ошондой эле бул иш чаранын катышуучусу жана кыргыз тили мугалим Калмира Исмаилова өз оюн мындайча билдирди:
“Бул оюн бизге абдан жакты, жана ошондой эле 10-класстын окуучулары окуучуларга дагы абдан жакшы маанай тартуулап беришти. Мындай оюндарды көп-көп уюштуруп башка класстардын окуучуларынын арасында дагы өткөрөбүз деп ойлойм.
Белгилей кетсек бул оюнда көк терек командасы жеңишке жетишти.
Даярдаган: Аман Шаршенбеков.