2016-жылдын октябрь айында Тажикстан республикасынын Кайраккум шаарында “Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жок кылуу” темасында семинар болуп өттү.
Семинарга Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арада жайгашкан жамааттарынын өкүлдөрү, Лейлек, Кадамжай, Баткен райондорунун администрация башчылары, ӨКМ адистери жана журналисттер катышты. Семинар ЕККУнун жана Интерньюс өкүлчүлүгүнүн уюштуруусунда болуп өттү.
Семинардын экинчи күнү чек арада жайгашкан Маданият айылында болгон сел каптоонун кесепеттери кандай жоюлду жана алдын алуу үчүн кандай иштерди алып барып жаткандары тууралуу билүү үчүн аталган айылга катышуучулар барып келишти.
Айыл тургундары, жамааттын аксакалдары жана жергиликтүү администрация башчылары, окуучулар жана мугалимдер сел каптоо кандай болгондугун жана алдын –алуу иштерин кантип алып бараарын айтып беришти. Катышуучулар менен ой-пикир алмашып, суроо –жооптор менен толукталды.
Семинардын жүрүшүндө группалык иштер, презентациялар жана практикалык иштер менен коштолду. Өзгөчө кырдаалдар учурунда массалык маалымат каражаттары кантип иш алып баруу керек жана кайсы учурларга көңүл буруусу зарыл экендиги талкууланып, презентациялар жүргүзүлдү.
Аягында катышуучулар достук мамилеге жетишип, бири-бири менен байланыш жолдорун талкуулашты
Даярдаган: Айзада Калканбекова
Бул басылма Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Калканбекова Айзаданын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.