23-сентябрь мамлекеттик тил күнүнө карата кыргыз тилчи мугалимдердин жумалыгы болуп өттү. Ал жумалыкка 7-класстан 11-класска чейинки окуучулар жана кыргыз тилчи мугалимдер катышышты.
Бул жумалык боюнча кыргыз тили жана адабияты мугалими Таалайкул Токсобаевага кайрылып, төмөнкү маалыматтарды алдык.
— Биз ушул мамлекеттик тил күнүнө арналган ар жыл сайын декаданын ачылышы менен биз ар тараптуу өтүп келгенбиз. Быйылкы тарых жана маданият жылына карата биз ушул көчтү чагылдыруу менен декаданы ачып бердик. Бул жумалыктын ачылышында 11-класс Үркунду, 10-класс кыргыз бийлерин, 9-класстар көчмөн кыргыздарды, 8-класс Манасты чагылдырып чакан концерт коюп беришти, жалпы жумалыктын ачылышына 60тай окуучу катышышты. Жыл сайын өтүүчү жумалыктын максаты — Үркундү, Манасты, кыргыздар көчмөн болгонун жана биздин басып өткөн жашоо турмушубуздун, илгертен келе жаткан каада-салттарыбызды, улуттук оюндарды жандандырып, жаш өсүп келе жаткан окучуларга тааныштыруу.
Андан сырткары буга чейин кыргыз эли көптөгөн азап-тозокторду башынан кечиргендиги жана ошол кыйынчылыктардын баарын жеңип чыгып, ушундай эгемендүүлүккө жетишкендиги тууралуу окуучуларга маалымат берүү да жумалыктын максаттарынын бири.
Ушул эле жумалыктын уюштуруучусу Тоюнкүл Ашыралиева:
— Мамлекеттик тил күнүнө арналган кыргыз тилчилердин күчү менен даярдалган салтанаттуу азем ийгиликтүү аяктады. Максатыбызга жеттик деп ойлойбуз. Буга чейин былтыркы жылдагы, андан да мурунку жылдардагыларга караганда быйылкы жумалыктын өзгөчөлүгү зор. Тил күнү абдан өзгөчө күн, анткени кыргыз элибиз өзүнчө улут экенибизди далилдеп турат. Эми бул жумалыкка 7-класстан өйдө катышты жана кичинекей класстардан тандалып алынды.
Жумалыктын ачылышына карата катышуучу 9-классынын окуучулары Ажар жана Нурмира экөө бул майрам боюнча мындай деп ойлорун билдиришти.
— Менин атым Белек кызы Ажар, меники Нурмира Таалайбек кызы бул жумалыктын ачылышы абдан жакшы болду. Негизинен бизге 11-класстардыкы жакты өзгөчө болду. Жалпы эле буга чейин мындай иш-чаралар болуп турчу, бирок бул жолкусу абдан өзгөчө болду деп айта алабыз.
Биз дагы мындай иш-чаралары дагы көп-көп болуп турушуна тилектешбиз жана баардыгына ийгилик кааламакчыбыз.
Автор: Дилде Шатан кызы
Тренер: Ырысбай Адамалиев
Сынак үчүн