Каржылык сабаттуулукту билүү — бул азыркы замандын талабы. Жаштар бул туралуу сабактардан, интернет булактардан биле алышат. Мурда адамдардын каржылык сабаттуулугу боюнча түшүнүгү аз болсо, азыр кыйла кеңейип калды.
Ал эми калкыбыздын улуу муундары бул туралуу түшүнүгү барбы? Алар каржылык сабаттуулукту билеби? Алган пенсияларын кандай тармактарга жумшай тургандыгы туралуу ардактуу эс алуудагы Күлбүбү Кайыңбаева апа буларга токтоло кетти:
«Пенсиямды ден соолугума да бөлүштүрөмүн, бала-чакама да бөлүштүрөмүн. Баардык жерге жарайт пенсиябыз. Каржылык болбосо жашоо болбойт. Баардык жерде каржылык болсо бүт баардык жерге жарайт бала-чакабыз да жарайт, өзүбүзгө да жарайт, айыл апабызга да жарайт. Каржылык болбосо жашоо жок. Эч качан кыйынчылык жок убак, убагы менен берет».
Пенсионерлер каржылык сабаттуулукту көп биле беришпесе дагы алган пенсиясын баарына тең бөлүштүрүшүп бир айдан кийинки айга чейин жеткизип өз тиричилигин кылып келишет. Бирок ар кимдин акча бөлүштүрүү туралуу өзүгүн жеке ою бар. Айыл жеринде ата-энесинин пенсиясына карманып, азык-түлүк, кийим-кече жана аш-тойлорго жумшап күн кечиргендер аз эмес. Дал ушундай учурда акча бөлүштүрүү чоң роль ойнойт. Өз пенсиясын үй-бүлөсүнө, небересине тең бөлүштүрүп кредит албай жашап келген биздин бүгүнкү каарманыбыз Жумакадыр Рабаев ата өз маегинде төмөнкүлөрдү айтып өттү:
«Пенсияны алганда эле бала –бакыранын тамак –ашы керек болот ага беребиз. Балдардын окууган кээ бир керектөосү болот ага беребиз. Кары кишилер айыл-апага барыш керек болот буга керектейбиз. Баягы кем карч жок. Кем карч болуп калса пенсия менен, аркы берки менен толуктап, мал баш менен оокат кылабыз. Банкка же кредит алганга барбаймын. Аны менен ишибиз жок».
Айылдагы кардарлар өз пенсияларын убак-убагы менен алышат. Мурда айдын аягына чейин зарыгып күтүп отурушчу эле. Азыр айдын башында эле банкоматтардан карточка аркылуу алышат. Пенсиялардын кечикпей алынышына атайын социалдык кызматкерлер кам көрүп келишет. Пенсиялардын карточка аркылуу алынышы баардык кардарларга ыңгайлуу экендиги туралуу социалдык кызматкер Венера Өмүрбекова буларды айтып өттү:
«Социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан алган пенсионерлерибиз бар. 18-жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген балдарына ала тата-энелери андан тышкары өздөрүнүн мүмкунчүлүгү чектелген адамдар өздөрүнө пенсия алат да жана балдарына жөлөк пул алган энелер бар да. Социалдык жөлөк пул алган кардарларыбызды бар. Мисалы : 70 адам карточкага өтүшкөн. Азыр алар карточка менен алып жатышат. Жакшы эле ыңгайлуулуктар бар. Алардын онунан кийин эле алганга мүмкүнчүлүктөрү бар. Азыр ошол карточкага өткөн адамдар жакшы эле ой пикирде болуп калышты. Каалаган убагыңда канча алсаң болот, калганын сактап койсо болот экен деп».
Сиздер бүгүнкү чыгарылышта пенсионерлер акчасын кандай тармактарга колдоно тургандыгы жөнүндө кабардар болдуңуздар. Сюжетти даярдаган: Гүлкайыр Осмоналиева жана Эрлан Абласов.