Кыздардын эрте никеге туруусу адамдын укуктарын одоно бузуу болуп саналат жана жаш кыздарды билим алуудан, ден соолугунан жана жаркын келечегинен ажыратат. Ата-энелер жана коомчулук дагы өз кыздары үчүн бардык жакшы нерселерди каалайт, бирок бул кѳрүнүштү толук кандуу ишке ашыруу коомчулукта талкуу жаратып келет.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза кодексинин 155-1-беренесинде «Нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен ага карата никеге туруу боюнча диний каада жасалган адамдын ата-энелери, никеге туруу боюнча диний каада жасаган адам, ошондой эле жашы жете элек секелек менен никеге туруу боюнча диний каада жасалган жашы жеткен адам — 3 жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазылган.
Ал эми 18 жашка чейин турмуш курган кыздар биологиялык, социалдык жана психологиялык жактан жетилбегендиктен жаш кыздын организими эне болууга даяр эмес экендигин Барскоон үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобунун улуу мед айымы Айнагүл Эсеналиева билдирди:
Барскоон үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобунун улуу мед айымы Айнагүл Эсеналиева
«Негизинен кыз бала турмушка чыгып эне болу учуру медицина боюнча 20 жаштан 35 жаш курагына туура келет. Бул учурда кыз баланын организми жетилип бала тѳрѳгѳнгѳ даяр болуп калат. Эрте никеге туруп, эрте эне болгон кыз-келиндер биринчиден ѳзүнүн ден-соолугуна жана ѳмүрүнѳ коркунуч алып келет.Мисалы: кыздын гормондору толук кандуу жетилбегендиктен тѳрѳт учурунда кѳп кан кетүү учурлар кездешип эненин же баланын ѳлүмүнѳ алып келүү себептер кездешет. Мындан тышкары кѳп кан кетүүнүн кесепетинен аз кандуулукка да алып келет. Экинчиден балдарынын ден-соолуктары начар болуп толук жетилбеген, салмагы аз жана ара тѳрѳлүшү мүмкүн. Мындай тѳрѳлгѳн балдар калктын генофондуна терс таасирин тийгизет».
Коомубузда ар кандай терс көрүнүштөр менен бирге кыз-келиндерге, өспүрүм балдарга жасалган зордук—зомбулук менен жашы жете элек кыздарды турмушка эрте берүү учурлары кездешүүдө. Мындай окуялар өзгөчө интернет айдыңында тездик менен таралып, кейиштүү көрүнүштөрдүн катарын толуктоодо.
Негизинен кыз баланын эртеӊки келечеги жаркын болуу максатында Барскоон айылынын № 55 Кесиптик лицейи, айына эки жолу ата-энелер менен жолугушуу ѳткѳрүп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет. Кыздар эрте турмушка чыгуунун аркасынан ден- соолугунан,бир кесиптин ээси болуудан жана билим алуу мүмкүнчүлүгүнѳн ажырап каларын кесиптик лицейдин тарбиячысы Азамат Максат уулу маалымдады:
№55 Кесиптик лицейдин тарбиячысы Азамат Максат уулу
Жаш ѳспүрүмдѳр арасында иш алып баруучу инспектор Зульфия Токтошева менен окуучулар ортосунда «Эрте никеге туру кылмыш» темасынын үстүндѳ тегерек стол ѳтүү учуру.
«Биздин лицей эрте турмуш куруу, зордук-зомбулук, балдардын укуктары сыяктуу иш чараларды байма-бай ѳткѳрүп келебиз. Жакынкы аралыкта эле айылдык дарыгерлери тарабынан «Нике жана мен» -деген теманын алкагында лекция ѳткѳрүп, кыздарга эрте турмушка чыгуу кандай кедергисин тийгизери жѳнүндѳ айтып беришти. Мындан тышкары жаш ѳспүрүмдѳр арасында иш алып баруучу инспектор Зульфия Токтошева менен окуучулар ортосунда «Эрте никеге туру кылмыш» темасынын үстүндѳ тегерек стол ѳткѳрүлдү».
Эрте никенин алдын алуу үчүн 2016-жылы жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам кабыл алынды. Мында молдолордун гана эмес, кыздын ата-энесинин, кызды алып жаткан жигиттин да жоопкерчилиги каралган – 3-5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бирок мыйзам толук кандуу иштебей жатканын жарандык коом да айтып келет.
Барскоон айылынын тургуну Гульбара Садыбакасова жашы жете элек кыздардын кѳбүнчѳсү элет жеринде турмушка чыгышат. Себеби ата-энелер эрте куда түшүп коюушат же болбосо ала качуулар кѳп болот,-дейт.
Барскоон айылынын тургуну Гульбара Садыбакасова
«Кѳпчүлүк учурда айыл жеринде эрте күйѳгѳ тийгендер кѳп болот. Себеби ата-энелердин сүйлѳшүүсү, ала качуу, зордук-зомбулукка кабылуунун кесепетинен кѳп болот. Ата-энелер кыздарын эрте турмушка берүүнүн артынан кысынын билим алуусуна, ден-соолугуна залакасы тийип жатканын кѳп деле эске албай келишет. Эрте турмуш курган кыздар кѳпчүлүк учурда күйѳөсүнѳ, үй-бүлѳ мүчѳлѳрүнѳ кѳз каранды болуп келет. Эрте эне болуп ден-соолуктарынан да ажырашат. Айрыкча мындай кѳйгѳйлѳр аз камсыз болгон үй-бүлѳлѳрдѳ кездешишет. Анткени кээ бир үй-бүлѳнүн кыздары жогорку же атайын орто билим алуу мүмкүнчүлүктѳрү жок».
Эрте никеге туруунун кесепети: билимсиздик, ден-соолугуна жана ѳмүрүнѳ коркунуч,ажырашуу, жакырчылык, зордук-зомбулук, майыптыгы бар бала, миграция жана суицидге баруу кѳйгѳйлѳрү кѳбѳйтѳт.
Гүлкайыр Осмоналиева