Жайыл районуна караштуу Кара- Суу айылынын жаштары эски кинозалды спорткомплекс кылып алышты. Тегерегине балаты көчөттөрүн отургузуп, курчап коюшту. Эски кинозалдын орду айылдын бир көркүн чыгарган имаратка айланып, жаштарды өзүнө тарта баштады.Айыл жаштарынын демилгеси менен жакынкы Степное айылынын тургуну менен сүйлөшүшүп, күрөш боюнча машыктыруучуну да таап, азыр балдар машыгып жатышат. “Тренер агайыбыз келгенден бери биз күрөшкө катыша баштадык,-дешет айылдын балдары Арсен менен Байел,-жакшы экен, жумасына 3 жолу машыгабыз.” “Машыктыруучу баланын аты Ибрагим, ал Степное айылынан. Биздин айылга келип күрөш секциясын ачып, балдарды машыктыра баштады. Жакында ушул спорт комплексибиздин ачуу аземин өткөрүп, айылда бир күрөш боюнча турнир өткөрсөк деп камынып жатабыз”,-дейт ушул спорткомплекстин негиздөөчүлөрүнүн бири Адилет Какешов.
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзада, Данияр кызы Элиза