Кара- Суу айылынын тургундары мал чарбачылык менен алектенишет. Ошого жараша айылдын мал доктурунун иши да көп. Кара-Суу айыл аймагынын мал доктуру Качыбаев Өмүрбек көп жылдан бери эмгектенип келе жатат. “Айылдагы малдоктурлардын эң негизги жумуштарынын бири – бул өз убактысында малга ар кандай ооруларга каршы дарыларды берип, кан алып, бруцеллёз барбы жокпу ошону текшерип туруу. Малыбызда оорулар аз болсо-элдин да ден соолугу чың болот. Азыр биз уйлардан кан алып, туберкулёз оорусу барбы жокпу ошону текшерип жатабыз. Азыркы убакта айылдык мал доктурларга мамлекет тарабынан бир топ жардамдар берилип жатат. Бизди компьютер жана ошондой эле мотоцикл менен камсыз кылды. Кара-Суу айыл аймагында малда оорулар жок, өз убагында дары дармекти берип турабыз. Жаштар келип жатат былтыр ветеринардык окууну аяктап келген жаш бала келди. Ал дагы иштеп жатат. Мал көбөйдү. Азырынча дарылаганга жетишип жатабыз”, — дейт Кара-Суу айыл аймагынын мал доктуру Качыбаев Өмүрбек.
Даярдаган: Данияр кызы Элиза