Райондук маданият үйүндө мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган, айыл аймактар арасында сынак өткөрүлүп, ага Сары-Булуң айыл өкмөтү да катышкан.
Бул тууралуу Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн адиси Бурулсун Эрмекова билдирди. Сынакта Көк Ирим айыл өкмөтү менен Сары-Булуң айыл өкмөтү ат салышып, көрүүчүлөргө ыр маанай тартуулашты.
Концерттик программа 7 тапшырмадан туруп анын ичинде ыр, бий, манас айтуу, дастан айтуу, сатиралык чыгарма ж.б камтылган.
Сары-Булуң айыл өкмөтүнөн жалпы 29 катышуучу катышкан.
Бул өткөрүлүп жаткан сынак райондук деңгээлде уюшулуп ар кайсы айыл аймактар ат салышкан. Жыйынтыгында, Сары-Булуң айыл өкмөтү 326 упай, Көк-Ирим айыл өкмөтү 299 упайга ээ болушуп, Сары-Булуң айыл өкмөтү жеңишке жетишкен.
Даярдаган: Нуриза Рыскулова