Тогуз-Торо айыл аймагына караштуу Иманберди уулу Иса мектебинде Мурзалиев Токон балбандын жаркын элесине арналган «Эркин Күрөш» боюнча 4-турнири өттү.

Эркин күрөшкө 200 дон ашык бала катышып, 1-орун:12 бала, 2-орун: 12 бала, 3-орун: 24 бала, жалпы 48 бала жеңишке ээ болуп, материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүлдү.

Андан сырткары, 68 кг салмактан жогору окуучулар арасында абсолюттук күрөш боюнча 1-орун Өмурбек уулу Бекболот, 2-орун Абазганов Сыймык, 3-орунду Исакбек уулу Бекзат камсыз кылып, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул туралуу Тогуз-Торо айыл аймагынын жоопту катчысы Зууракан Акунова билдирди.
Даярдаган: Албина Бейшеналиева